Нарын дарыясына агууга аракет кылган 78 жаштагы эненин өмүрүн сактап калган милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун Нарын ОИИБи тарабынан сыйланды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 16-апрелде Нарын ОИИБинин өздүк курамынын катышуусунда сыйлоо аземи болду. Анда 78 жаштагы эненин өмүрүн сактап калгандыгы үчүн Нарын РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн айдоочусу, милициянын ага сержанты Жаныбек Асанбеков жана жергиликтүү тургун Жыргалбек Шакеналиев Нарын ОИИБинин ардак грамотасы менен сыйланышты.
Эске салсак, 10-апрелде эртең мененки саат 9дар чамасында Нарын дарыясына белгисиз жарандын сууга агып бара жатканын милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун көргөн. Алар агып бара жаткан жаранды куткаруу үчүн дарыяга кийимчен түшүп, алып чыгышкан.