Чүйдөгү 3 абакты жабуу сунушталды

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Чүй облусундагы 3 абакты жабууну сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору өкмөттүн расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Бишкектеги №35, Сокулуктун Новопавловка айылындагы №37 жана Аламүдүн районундагы №48-абактарды жоюуну коомдук талкууга койду.

"Бул 3 абактын 50 пайызы гана толгон. Ошондой эле бошотулган имараттарды башка мекемелердин карамагына өткөрүп берүү каралып жатат. Ал эми ичинде жаза өтөп жаткандарды башка абактарга которуу, ал жерде иштеген кызматкерлерди жазаларды аткаруу кызматынын башка абактарына жумушка орноштуруу каралган", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле маалыматта, буга чейин Талас облусунун Кара-Буура районундагы №49-абакты жоюп, анын имаратын №39-абакка өткөрүп, кызматкерлерин башка мекемелерге жумушка орнотушкандыгы жазылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Asylai88
2018-04-16 13:12:45
Кудайдын кулагы суйунсун, кылмышкерлер азайып эле абактар бош калып толбой жатса жабышсын санын кобойтпой. Ылайым эле кылмышкерлер азайып толбой калсын ошол аты жаман абактылар.
+10
nargiz-sa
2018-04-16 15:36:54
Asylai88,айтканындай эле болсун. Бирок бизде кылмышкерлердин кобу эркиндикте журушот да. Алардын баарын турмого салсак абак жетпей калабы дейм.
+1
muslim87
2018-04-16 21:48:42
Аллахым насип кылып Кыргызстанда абак калбай калса кана эми кылмышкерлер жок болуп элдин баары калыс болуп калса кана эми. Бир убакта үч абакты жабуу каралып атса демек кыргыз өлкөсү жакшы жагына өзгөрүүдө иншаллах.
0
Paol
2018-04-19 00:51:26
Оа анысы го жакшы бирок азыр толбой жатканынын себеби акча мн кутулуп кетип жатышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан