Бишкекте мас абалында 19 жаштагы кызды сүзүп, тебелеп кеткен айдоочу ички иштер министринин мурдагы орун басары Касымбаевдин уулу экени айтылууда

Бишкекте мас абалында 19 жаштагы кызды сүзүп, кийин тебелеп кеткен унаанын айдоочусу ички иштер министринин мурдагы орун басары Нурбай Касымбаевдин уулу экени айтылууда.

Бул маалымат боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына кайрылганыбызда, алар бул маалыматты тастыктоодон да, жокко чыгаруудан да баш тартышты.

Айта кетсек, буга чейин Бишкек ШИИББинен мас абалындагы 25 жаштагы айдоочу 19 жаштагы кызды 20 метрдей жерге ыргыта сүзүп, кийин тебелеп кеткенин кабарлашкан. Жаракат алган кыз ошол жерден каза болгон. Ал эми жол кырсыгы ошол жердеги видео көзөмөлгө түшүп калган.

Бишкекте кызды унаа сүзүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kechirmeni
2018-04-16 12:16:44
Кимдин баласы болсо да жоопко тартыш керек, далилдер толук жетиштуу
+11
aidai9594
2018-04-16 12:40:56
Мыйзам баарына бирдей!!!
Акча эле болуп кетпесе
+9
as-salam
2018-04-16 13:08:01
Канчанчы минутада турат
0
Asylai88
2018-04-16 13:14:38
as-salam,2:41 чи минутада
0
Asylai88
2018-04-16 13:17:41
Баланчанын уулу деп айтылууда деп эле бир эки кундон кийин эле кайра иш жабылууда деп калышат. Ушундай атасынын акчасына копкон чондун балдары тойгозду бурчтан чыга калып эле бироону тебелеп кетип, бироону атып кетип акыры ушулардын жазасын берээр бироо бар бекен. Бирок адамдын жазасынан кутулганы менен Жараткан Алланын жазасынан кутулбайт го.
+11
progresskg
2018-04-16 14:07:21
ХХХХХХХХХХХХ Мен учун булар ХХХХХХ
0
jazy
2018-04-17 00:05:56
Министирдин баласы болсо качан эле жоопко тартылат эле бизде сотторду акча берсе болду калганын уруп ойнобойт бир жылы да окуучу баланы сузуп кеткен балада атасы чоон иштеген экен камайбыз деп жабырланучуну алдап боштондукта эле жургон машинасын айдап биздин кошуналар эле ыйлап сыздап эле кала беришти карапайым элге эч ким куйбойт оозу мурду кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун деген заман акчалуу чиновник жуп жуткурлардын заманы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан