Фарид Ниязов КСДП партиясындагы ишмердүүлүгүн токтотпойт. Бул тууралуу SUPER.KG'ге аталган партиянын катчылыгынан кабарлашты.
Маалым болгондой, Ниязов партиянын төрагасынын орун басарлыгынан кеткени менен саясий кеңештин курамынан чыгарылбайт.
"Апрель" деген кайрымдуулук фонд буга чейин эле Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, Фарид Ниязов ага аткаруучу директору болуп дайындалган. Бүгүн же эртең расмий маалымат тараталы деп жаткан болчубуз, бирок төрага Алмазбек Атамбаев депутаттар менен болгон жолугушууда маалымдады. Ал эми ал кишини "саясий кеңештин курамынан чыгарылат" деген маалымат чындыкка жатпайт. Анткени Ниязов партиянын саясий кеңешинин курамында жана төраганын кеңешчиси болуп кала берет", - деп билдиришти партиядан.
Партиянын катчылыгы "Апрель" фонду 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында жабыр тарткан жарандарга колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөнүн кошумчалады.
Белгилей кетсек, мурдагы президент, КСДП партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев 16-апрелде Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары менен "Ала-Арча" резиденциясында жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу бир жарым саатка созулуп, анда Атамбаев партиянын төрагасы катары өз программасы менен тааныштырып, өлкөдө болуп жаткан саясий кырдаал боюнча пикирин билдирди. Жыйындан кийин депутат Рыскелди Момбеков Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө таянып, Фарид Ниязов партиянын төрагасынын орун басарлыгынан кетип жатканын билдирген.