Кыргыз өлкөсүндөгү "Сапат" билим берүү мекемелери жабылбайт. Дагы бир Түрк билим берүү мекемеси ачылат. Бул тууралуу 16-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун Түркия мамлекетине болгон иш сапары тууралуу маалымат жыйында президенттин аппаратынын тышкы иштер саясатынын башчысы Данияр Сыдыков айтты.
"Сапат" билим берүү мекемелери жабылбайт. Анткени бул окуу жайлар Кыргыз өлкөсүнүн жана Билим берүү министрлигинин мыйзамдарына ылайык иштейт. Тескерисинче, дагы бир түркиялык "Мариф" деген окуу жайды ачууну Түркия мамлекети сунуштаган. Алардын сунушу боюнча учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - дейт Сыдыков.
Мындан сырткары ал Кыргыз жергесинде 3-ирет орун алуучу Көчмөндөр оюнуна Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган үй-бүлөсү менен келери күтүлүп жатканын кошумчалады.
Президент Сооронбай Жээнбековдун кийинки иш сапары май айынын орто ченинде Орусиянын Сочи шаарына болот. Ал эми июнь айында Кытайга мамлекеттик иш сапары менен бара турганы белгилүү болду.