"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Капиталдык курулуш башкармалыгы: "Малдыбаев көчөсүндөгү тротуарларды оңдоо иштери улантылып жатат"

Малдыбаев көчөсүндөгү тротуарларды оңдоо иштери улантылып жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.

"Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан тротуарларды оңдоп-түзөө иштери күн жылыган мезгилде эле башталган. Азыркы тапта оңдоо иштери Малдыбаев көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнө чейинки аймагында жүрүп жатат, ал эми жакынкы күндөрдө оңдоо иштери Ахунбаев көчөсүнөн Түштүк магистралга чейинки аймакта улантылат", - деп билдирди башкармалык.

Эскерте кетсек, "Бишкектеги Малдыбаев көчөсүндө күздө токтотулган оңдоо иштери жазда улантылган жок" деген билдирүүнү окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу жөнөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nestana95
2018-04-16 20:56:32
Бул кочо эч эле бутпой койду..илгери эле кочоону жапканда бутурсунор болбойбу
0
nargiz94
2018-04-16 23:40:33
Кун сайын отом бул кочодон, бир дагы жумушчуну корбойм. Анан каяктагы бутуруп атат. Озбекстанда 45 кундо бир айылды тургузса, биздикилер 500 метр жерди 2-3 ай журо берет. Шалдырмалар..!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан