2 ай ичинде мигранттар Кыргыз мамлекетине 307 миллион 600 миң доллар которду. Бул тууралуу маалыматты Улуттук банктан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн сумма ушул жылдын январь, февраль айларында которулган.
Февраль айында мигранттар мекенине жөнөткөн акчанын суммасы 161 миллион 700 миң долларды түзүп, январь айында которулган суммадан 15 миллион 800 миң долларга көп болгон. Бирок бул сумма өткөн жылдын декабрь айындагыга салыштырмалуу 32 миллион 600 миң долларга аз.
Каражаттын көп бөлүгүн Орусиядагы мигранттар которушкан. 2 ай аралыгында Орусиядан 158 миллион 600 миң доллар келген. Ал эми Кыргыз өлкөсүнөн башка мамлекеттерге которулган акчанын суммасы 35 миллион 600 миң долларды түзөт. Өткөн жылы эмгек мигранттарынан Кыргыз өлкөсүнө 2 миллиард 482 миллион 200 миң сом которулган.