Түп районунда катталган жол кырсыгындагы Toyota Avensis унаасынын айдоочусу Максат Жанышбек уулу адам өмүрүн алган кырсык тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.
"Классташ балам үйлөнүп, Түп районунда жүргөнбүз. Ошол күнү түш чендерде райондон тамактанып алып, айылыбыз Күрмөнтүгө 5 бала болуп келе жатканбыз. Унаанын рулун мен башкарып келе жаткам. Түп районундагы постто жол коопсуздугун камсыздаган башкармалыктын кызматкерлери турган, бирок алар бизди токтоткон жок. Мен унааны уруксат берилген ылдамдыкта гана айдап келе жаткам. Качан гана Балбай айылына кирип баратканыбызда аркабыздан алардын келе жатканын көрдүк. Анан биздин артыбыздан келип кыса баштады. Мен "эмнеге посттон тоспосо, эреже бузбасам биздин артыбыздан келе жатышат" деп ойлондум. Болгону жол эрежени бузбаганымды принцип кылып, токтобой айдап кете бердим. Себеби мен эреже бузган жокмун. Ал жерде биз катуу ылдамдыкта унааны айдап өткөн эмеспиз. Артыбыздан "токтогула" деген жол коопсуздугунун кызматкерлери тарабынан эскертүү берилген эмес. Балбай айылынын кире беришинде кооптуу дөң бар. Ошол жактан өткөндө эле унаа секирип, башкаруусун жоготту. Анан бир аз өткөндө эле бурулуштан унаа ала салып кетти. Андан аркысы эсимде жок", - деп билдирди Жанышбек уулу.
"Учурда Түп районунун ооруканасында экөөбүз дарыланып жатабыз. Башыбыздан, бөйрөгүбүздөн жаракат алыптырбыз. Ал эми дагы бир дос балабыз облустук ооруканада дарыланууда. Анын абалы оор болуп жатат. Кабыргалары жана буту сыныптыр деп айтышты. Каза болгон дос балабызды бүгүн жерге беришти. Кырсык болгондон кийин биз тарап менен милиция кызматкерлеринин ортосунда чыккан уруш боюнча азырынча маалыматыбыз жок", - деди ал.
Эске салсак, Түп районунда 14-апрель күнү Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдык менен жолдон чыгып оодарылып кетип, бир адам каза болуп, үч жаран ооруканага жеткирилген. Кырсык катталгандан кийин жабыркагандардын жакындарынан 20дай киши келип, Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын 2 кызматкерин сабап кетишкен. Мындан улам алар ооруканага жеткирилип, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренеси (бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иши козголгон. Учурда эки милиция кызматкери ИИМдин госпиталында дарыланууда.