Орусияда көзү азиздер үчүн Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык кечеси өткөрүлөт

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы мамлекеттик китепканада көзү азиздер үчүн жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган кече өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, кече Санкт-Петербургдун мамлекеттик китепканасында 20-апрель күнү өткөрүлөт. Аталган кече Орусиянын аймагында уюштурулуп жаткан "Китепкана түнү" акциясынын алкагында уюштурулган.

"Кечеде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун басып өткөн жолу жана анын чыгармачылыгы тааныштырылат. Ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн маданияты жана салты көрүүчүлөргө тартууланат. Программанын биринчи бөлүгүндө жазуучунун чыгармаларынан кесипкөй окугучтар үзүндү окуп берет. Айрым үзүндүлөрдү көзү азиздер үчүн атайын аспаптын жардамы менен окушат", - деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары Кыргыз өлкөсүнүн маданияты, салты менен Кыргыз диаспоралары тааныштырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kanat.tls
2018-04-17 09:52:35
Башка өлкөлөрдүн баарында 90 жылдыгы өткөрүлүп жатат. А бизде дале эч кыймылдай элек. Жыл бүтөөрдө эстешет быйыл 90жылдыгы эле деп.
0
i1urp
2018-04-17 11:40:45
Kanat.tls,
Айтматов 21 кылымдын пайгамбары.
-5
urmat94
2018-04-17 10:00:53
Супер силерден сураныч УКМК ПРОКУРАТУРАга кимдер келишин каалайсынар деп тема ачып бербейсинерби оз оюбузду айтып Президентке сунуштап королу балким оюбузду угуп эл каалаган адамдар болуп калышы мумкун
+2
pusur
2018-04-17 10:20:40
urmat94, УКМКга Улукбек Кочкоров татыктуу деп ойлоймун.
+2
urmat94
2018-04-17 10:28:49
pusur,мен дагы ошентип ойлойм
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан