№54-мектептин жанына жасалма дөңчө (лежачий полицейский) орнотулат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын башчысы Мирлан Амантуров билдирди.
Эске салсак, "№54-мектептин жанында көчөлөрдүн кесилишинде окуучулар жолдон туш келди өтүп, алардын өмүрүнө коркунуч жаралууда" деген билдирүүнү окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу жөнөткөн.
Бул маселе боюнча Мирлан Амантуровго кайрылганыбызда, ал жакынкы арада аталган жерге тийиштүү жол белгилери коюларын билдирди.
"Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан тапшырма келип түшсө, №54-орто мектеби жайгашкан Ленин жана Скандинав көчөлөрүнө жакынкы арада тийиштүү жол белгилери коюлат", - дейт Амантуров.