SUPER TV: Жүрөк сыры. "Практикант агай тагдырымды талкалады"

Сүйүү, күтүү, табышуу, ажырашуу, кайгы жана бакыт... Так ушул сезимдер, турмуштан алынган жүрөк сырлары "SUPER TV'нын" "Жүрөк сыры" долбоорунда.

Анча-мынча жигиттерди көзгө илбеген керме каштардын бири элем. Артымдан чуркаган жигиттердин шагын көктү тиктеп, мурун чүйрүп сындырып койчумун. Ошондой күндөрдүн биринде сүйүүгө кабылдым. Математика сабагы боюнча бизге Талип аттуу практикант агай келди. Мурда сөз айткан жигиттердин алдында өзүмдү жогору сезсем, агайдын алдында берген суроолоруна жооп бере албай тердеп-кургап, уялчаак кызга айлана түшөм. Ичимден “баары бир мендик болосуң” деп максат кылып, болгон аракетимди жасай баштадым.

Агай шаардын чет жагындагы конуштардын биринде жашачу. Бир күнү ата-энемден “курбу кызымдыкына барып чогуу сабак даярдайбыз” деп суранып, китеп-дептерлеримди көтөрүп алып агайдын үйүн көздөй бастым. Агай менин күтүүсүздөн келип калышыма апкаарый түштү.

– Саламатсызбы, сизден бир теманы жакшылап түшүнүп алайын дедим эле...

– Ой, Айжамал, тынччылыкпы? Кир, өйдө өт. Кайсы теманы? Сабактан түшүнбөй калдыңбы?

– Ооба.

Мектептен сүрдүү көрүнгөнү менен, агай жөнөкөй эле экен.

– Кана, кайсы теманы түшүнбөй калдың?

– Мм... бүгүнкү теманы.

Агай өзүнүн китебин алып, столун мага жандай коюп түшүндүрө баштады. Кулагым дүлөй, агайдын илебине мас боло түштүм. Бир кезде “сен эмне бир чекитти карап катып калдың, мени угуп жатасыңбы?” дегенде гана селт эте түштүм. “Ойлонуп кетиптирмин” деп кутулдум. Акырын колумдан кармап, “эртең да кел, жакшылап түшүндүрүп берем” деди.

Окуянын видеосун толугу менен шилтеме аркылуу өтүп, "SUPER TV'дан" көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2018-04-17 11:00:23
Эски темаларды кайра сууруп чыктынарбы?
0
Айдай
2018-04-17 11:24:55
Dembele84,;))))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан