Парламент комитетинде сим-карта саткандардын жоопкерчилигин жогорулатуу сунушталууда

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында сим-карта саткандардын жоопкерчилигин жогорулатуу сунушталып жатат.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Медербек Курманбековдун айтымында, "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө" кодексте уюлдук операторлор менен жарандардын жоопкерчилиги толугу менен каралбай калган. "Азыр тийиштүү мыйзамга, кодекске жоопкерчилик боюнча өзгөртүү киргизип жатабыз. Анткени операторлор бир кардарга 100 сим-карта сатууга укуктуу. Ал эми аны сатып алган кардар да кимге канча сатса өз эрки болуп жатат. Ошондуктан муну жоюуга аракет кылып жатабыз", - деди Курманбеков.

Депутат Улукбек Ормонов кардарлардын эмес, уюлдук операторлордун гана жоопкерчилигин жогорулатуу жетиштүү экендигин белгиледи.

Депутат Алтынбек Жунус уулу да каршы пикирин айтты. "Кардар сим-картасын башка бирөөгө берген учурда айып салынат деп жатасыздар. Мен буга кошулбайм. Себеби айрым учурда бирдигиң түгөнүп калып башка бирөөнүн телефонунан чалып каласың. Сим-карта кимге катталса ошол адам гана жооптуу болушу керек", - деди Жунус уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sarinakg
2018-04-17 12:07:29
Сим-картаны койо туруп жолок пулду тезираак карап беришсе болмок
+1
tmttmt
2018-04-17 13:19:13
Sarinakg,Жөлөк пулга жаңы эле бизге келип кетишти
үйүңөн бери текшеришет экен таң калдым
катып койбодуңарбы дегендечи
эми качан чыгар экен деп калдым
менин таң каалганым кош коштоп машина айдагандар алатда бизге окшоп холодилниги жок оотургандарды текшерүү менен бергенине
0
Sarinakg
2018-04-17 13:35:27
tmttmt,эптеген алып жатат экенда коруп эле жатавыз тагинда машинасы,мугалим болуп куйоо иштейт пасобия алат экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан