Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин депутаттары уюлдук сим-карта саткандардын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча өкмөт сунуштап жаткан мыйзам долбоорун карап чыгышты.
Комитет мүчөлөрүнүн айтымында, биринчи кезекте сим-карта пайдаланган кардарлардын эмес, уюлдук операторлордун жоопкерчилигин жогорулатуу керек. Депутат Кубанычбек Жумалиевдин айтымында, буга чейин ар бир сим-карта кардарга паспорттун негизинде гана катталып келгени менен уюлдук операторлор атаандашып отуруп, каттоосуз сатып жиберүүдө.
"Бул жерде уюлдук операторлордун гана жоопкерчилигин жогорулатуу керек. Алар бири-бирине атаандашып жатып каттоосуз сатып жиберүүдө. Мисалы, аэропортко барсаң сим-карта саткандар кардарларга бир эмес, бештен карматып салышат. Ошондуктан кайра иштеп чыгууга жибергенибиз туура. Андан сырткары, мыйзам долбоорунун максаты так болуп, ишке ашкандан кийин коррупциялык схемага жол бербеши керек", - деди Жумалиев.
Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү сунушту колдоого алып, мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууга жиберишти.