200 миң доллар пара алууга шектелип кармалган прокуратура кызматкери Улан Чалбаев ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде SUPER.KG порталына Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
"Улан Чалбаев кан басымы көтөрүлгөнүнө байланыштуу ооруканага жаткырылды. Калган маалыматтар айтылбайт", - деди УКМКнын басма сөз кызматы.
Эске салсак, кечээ, 16-апрелде Башкы прокуратуранын прокурорлордун соттордогу ыйгарым укуктарын камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаев 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.