"Кыздарыбызды башка улутка бербейбиз!" Бишкекте жигиттер кыргыз кыздарынын чет өлкөгө барышына каршы жүрүшкө чыгышат

20-апрелде Бишкек шаарындагы Фрунзе-Панфилов көчөсүнүн кесилишине жакын жерде кыргыз жигиттеринин жүрүшү өтөт. Жүрүш кыргыз кыздарынын чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыгуусуна каршы өтө турганын SUPER.KG порталына уюштуруучу Тилек Таалайбеков билдирди.

Жакында эле социалдык тармактарга Түркиянын Ван шаарында жашаган этникалык Кадыр аттуу кыргыз жигиттин Кыргыз кыздарынын кор болгону тууралуу айткан видеосу тараган. Ал жакшы иштерде иштеген Кыргыз кыздарынан тышкары саунада, жатаканада эркектерге кызмат көрсөткөн 20 жаштагы кыздардын да көп экенин айткан. Ошондой эле ал түркиялык досторунан Кыргыз кыздары жеңил ойлуу деген пикирди укканда уяла турганын, бардыгыбыз намыска келишибиз керек экенин кошумчалаган.

Таалайбековдун айтымында, бир топ жылдан бери Кыргыз жигиттеринин тобу кыздардын башка улуттун жигиттерине кор болушун алдын алуу иштерин жүргүзүп келишет. Ушундай максатта Түркияда жашаган кыргыздардан абалды айтып, видео жөнөтүшүн суранышкан. Көп өтпөй Кадыр аттуу жигиттин кайрылуусу жооп катары келген.

"Мен өзүм чет элдин көп шаарларында иштедим. Ал жактагы абалды аябай жакшы билем. Ошол жерде көп кыздардын башка улуттун жигиттерине алданып, сабалып, төрөп, баласын таштап кеткенин көрүп зээним кейичү. Кийин мендей болуп кейип жүргөндөр топ түзүп алдык. Биз кыздарга орой мамиле жасап же видеого тартып уяткарбайбыз. Тескерисинче, укугун коргойбуз, кыргыз кыз-келиндеринин сыртка чыгуусуна аргасыз кылып жаткан жагдайлардын азаюусуна аракет кылабыз", - деди Таалайбеков.

Жүрүшкө чыга турган жигиттердин максаты:

1. Өтө жаш кыздардын чет элге иштеш үчүн чыгуусун токтотуу;

2. Чыкса, атасы же энеси, күйөөсү, тууганы менен кошо кетүүсүн кароо;

3. Кыргыз жеринде ажырашкан эркектерге айып салуу, алименттин суммасын көтөрүү жана аны кечиктирүүсүз милдеттүү түрдө төлөтүү.

"Бүгүнкү күндө бул маселе бышып жетилди. Дагы бир ачуу чындык - кыргызды кыргыз эле сатат. Биздин топтогу жигиттерге канчалаган кыздар жардам сурап кайрылышат. Жакында эле Түркиядан 2 эжекебиз качып келди, баштыктарын бүт таштап келишиптир. Алар Түркиянын Эдем деген Сирияга жакын шаарына жакында эле барышкан. Жаман иштерде иштей турганын билгенде качып келишип, абалды айтып беришти. Алардын айтымында, "Офис" деп атап койгон жер бар, анда жүздөгөн кыздар иштешет. Кыздарга аябай жаман мамиле жасалгандыктан ачкалыктан ооздоруна учук чыгып кеткендери бар. 2 жаш кыргыз кызы боюна бүтүп калып, ата-энесине кайрылганда алар жолго акча салып, кайра чакырткан.

Москвада кыргыз кыздарын топтоп, Түркияга саткан кыргыз келинди билем. Ал кыздарды иштеткен жайды текшерүү үчүн биз өзүбүздүн бир кызды "иштеген кыз" катары киргизгенбиз. Ал эже менен мындай аракетин токтотуу тууралуу сүйлөшкөндөрүм менде сакталуу. Биз укук коргоо органдарына кайрылганга чейин эле ал кургак учук менен ооруп мекенибизге кайтып келиптир. Өзү да башка улуттагы эркектер менен жашап жүргөнүн айтышат. Учурда ооруп, абалы жакшы эмес экенин билип милицияга кайрылган жокпуз", - деди Тилек Таалайбеков.

Анын айтымында, жүрүштүн соңунда талаптар тизмектелип жазылып, иргелип Жогорку Кеңешке кайрылуу катары жолдонот.

"Биздин топтун окуп, билим алуу үчүн же жакшы карьера жасоо үчүн чет элге чыккандарга каршылыгыбыз жок. Болгону жашы, акылы толуп, өзүн алдатпай турган куракка келген кыз-келиндер чыгышы керек деген талабыбыз бар", - деп белгиледи ал.

Социалдык тармакта бул демилге кызуу талкууга алынууда. Колдонуучулардын арасында мындай жол менен кыздардын, алардын үй-бүлөлөрүнүн маселесин чечүү мүмкүн эмес экенин айткандар бар. Интернет баракчаларындагы билдирүүлөрдөн:

"Жумушу жоктор митингге чыгууну адатка айлантып алышты. Мындай жоругуңар менен жалпы кыргыз кыздарын жеңил ойлуу дегенге чыгарып жатасыңар. "Түптүз" жүрүп иштеп, бир туугандарына, ата-энесине жардам берген кыздар толтура. Алар көзгө көрүнбөйбү?"

"Силер адегенде шарт түзүп койгула анда, жумушчу орундарды түзө аласыңарбы? Андан кийин талабыңды айтсаң жарашат".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
Jango
2018-04-17 14:56:43
Бул деле биздин келечегибизге болгон жакшы кадам кыргыздын жигиттери ушул нерсени колдоп берели
+1
Nevestkaa
2018-04-17 15:14:11
Эми ойгондуңарбы,мурда кайда жүрдүңөр?Митинг мн эмнени чечесиңер,мигрант кыздардын казанына аш салып бересиңерби?Бул нерсени токтотуш үчүн чоңдордун алкымын кичирейтип экономиканы көтөрүш кк жана ынтымак керек.Биримдик ынтымак болмоюн эч нерсеге жетпейбиз,мен түшүнбөйм да эмнеге кыргыздар бири бирибизди көрө албайбыз колдоп коштогондун ордуна боктойбуз буттан чалабыз.Б.Эркинбаев болгондо мынча кор болбос белек деп ойлоп койдум айласыздан.
-2
nuri1
2018-04-17 15:18:29
Жумушсуздукту жоюш керек. Завод, фабрикаларыбыз жок. Акчанын артынан баары эле качып кетет.
+5
bazarkyl
2018-04-17 15:21:56
Эң туура, каяктагы сөз менен айтып таштабай аягына чейин жеткир да
-4
BekAmir
2018-04-17 15:24:44
Колдойбуз бирок алимент тууралуу оюунар туура эмес. Ажырашуунун себеби бир кана эркекте эмес. Куйоосу жакшы аялы ичкичтер толтура
-5
Nibiru.
2018-04-17 16:48:39
BekAmir,туура айтасын тууган. Ичкич эле эмес,турган турушу менен акмак аялдар толтура. Анан акмак менен омур бою эркек озун-озу кордоп,кыйнвла бериш керекпи.
-1
Nibiru.
2018-04-17 16:53:10
Туура эле иш-чара. Бирок деген жагы да бар да. Чет жерде жургон кыз-келиндердин баары эле бузулган эмес. Ата-энесин,уй-булоосун багып,куну-туну кара жанын карч уруп иштеп жургондору да коп. Жашоо-абалыбыз бул болуп турса чет жака чыкпа,иштебе деп айткан,тыюуу салган да болбогон нерсе. Болгону кыздарыбызды чет элдиктерге турмушка чыгуусуна мыйзам негизинде тыюуу салыш керек. Эгер эле суйуп-куйуп,Олжобай менен Кишимжан болуп кетишсе анда ошол суйгонунун олкосуно барып,жарандыгын алып жашасын.
+5
arzygulR
2018-04-17 17:52:09
Nibiru.,++
+2
Nibiru.
2018-04-17 16:57:55
Бирок биздин кыргыз жарандыгын нике аркылуу болок улуттарга бергенге таптакыр тыюуу салыш керек! Антпесе озубуз бир ууч эл болсок,жаныбызда калдайган кытай жатса,улутубуздун келечеги чон коркунучта экени айтпаса да белгилуу эмеспи. Ал эми тиги бузулган кыздар тууралуу айта турган болсок,андайлар ар бир айыл,ар бир кочодо бар. Чет жерде эле эмес,кыргыз жеринде эле бузулуп,ойноп,чартандап журушот. Алардыкы коробойт дагы. Канчалык тыюуу салсан деле болбойт ХХХХХХХХХХХ
+4
AKCAHAT
2018-04-17 17:52:27
Кочодо баспай уйундо олтуруп бизнес же кичи ишкана ачканды ойлон. Силер топтолуп кочодо бассанар эле кыздардын курсагы тойуп, кийими бутолуп, уйлоруно кайтып келип калабы же Туркияга учпай калышабы ? Аты чыкпаса жер орттогон пиарщиктер кобойду. Он жолудан он кун журуш кылсанар дагы экономика, жашоо шарт онолмойун мындай нерселер токтобойт
-2
daniel87
2018-04-18 10:47:49
AKCAHAT,эн туура айтасыз эконмикан мышык ыйлааарлык абалда болсо жоо журушу жок эле ишини кыл пайда келе турган
-1
Alixan-Nookat.2015
2018-04-17 18:39:17
Мен колдойм туура сунуштар менен чыгып жатышат экен өзүбүздүн кыздарды өзүбүз коргойлу жигиттер.
-2
sereznaya
2018-04-17 20:41:10
Ошенткиле
-1
Elaman180993
2018-04-18 00:52:01
Акча деген баленин айынан женил ойлука алдырып кор болуп журот кыргыздын кыздары бирок Бир жагынан чала болот корболгон кыздарга кыргызымдын жигиттерин чанып кайактагы кайнаса канын кошулбаган чет Жака турмушка чыгышат
0
turna23
2018-04-18 09:18:06
Турцияга барганымда,кыргызмын дебегин дешкен. Эмнеге десем,башка бизге кошуна олкодон баргандар да кыргызмын деп жаман жолдо журушот экен. Биздин кыргыз атыбызды ошентип булгагандар коп экен. Ошого кыздарыбызды сактайлы,улутту сактаган аял заты.
+2
traveler
2018-04-18 09:21:03
Болбогон журуш! Силер жаш кыздарга тыю салуу керек дейсин. Жашкы кыздын баары эле сойку болуп кетип жаткан жок, туз жолдо иштегендери канча. Кыргызстандын озундо эле канчалаган сойкулар бар. Кыргызстанда жумуш орундары тузулмоюн, сыртка чыгуу токтобойт. Таптакыр жакындары жок жетим жесир кыздар бар, аларды ким багат озун озу бакбаса силер багасынарбы? Кичине башты иштетип анан суйлош керек.
-2
bayana1987
2018-04-18 10:02:39
Жумушсуздук эле дейсиңер. Жумушсуздук эмес, жумуш кылса даараткана тазаласа да дене сатканга караганда адал оокат табылат. Жумуш жок деп эле сөзсүз дене сатып кетиш керекпи? Тил үйрөнүүгө ким тоскоол болуп жатат? Үйрөнүп жашынакай болуп иштеп жүрбөйбү жүздөгөн кыздар. Кыйынчылыктан чыгуу үчүн сөзсүз дене сатуу керек эмес. Жигиттер да кыздарды алдап кетпей ар намыстуу болушса. Убактылуу пайдаланып басып кетип, акылы жок кыздарыбыз денесин сатууга башка улутка турмушка чыгууга макул болуп атышат..
+2
JaneEr
2018-04-18 12:46:03
Анда башка улутка уйлонбосунда.Башка улуткп тийген кыздан караганда башка улутка уйлонгон эркек ото коп.Эркек озу аз болсо анан не кылышмак кыздар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан