Өкмөт башчы Тогуз-Тородогу митингдин артында турган саясатчылар ким экенин депутаттарга айтуудан баш тартты

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт", "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" оппозициялык фракциялары өкмөттүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчётун карап жатат.

Анын жүрүшүндө жыйында төрагалык кылып жаткан "Өнүгүү-Прогресстин" лидери Бакыт Төрөбаев премьер-министр Сапар Исаковду жашыруун маалыматтарды ачык айтууга чакырды. “Кечээ Тогуз-Тородогу митинг боюнча да маек берип, окуянын артында саясатчылар турарын, алар ким экенин кийин айтарыңызды билдирдиңиз. Азыр да маселелерди кийинкиге жылдырып жатасыз, маалымат болсо, ачык эле айтыңыз”, - деди Төрөбаев.

Өкмөт башчы “Бул маалыматты качан айтуу керектигин өзүм билем, менин мындай укугум бар" деп жооп берди.

Бакыт Төрөбаев Исаковго кайрылып, жыйында саясатчылар отурганын айтып, саясатчылар боюнча минтип айтпоого чакырды.

Исаков "өлкөдө азыр бардыгы саясатчылар болуп калды" деп Тогуз-Тородогу митингдин артында турган саясатчылардын аттарын айтпай койду.

Айта кетсек, буга чейин 11-апрелде Тогуз-Тородо миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп, ыргытылган таштан 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун жаракат алып ооруканага кайрылган. Кийин бул окуяга байланыштуу райондун акими кызматынан алынган.

Тогуз-Тородогу митингге активдүү катышкан 15 адам кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан