Кемероводогу соода борборунан чыккан өрт электр зымдарындагы мүчүлүштүктөн чыкканы айтылды

Орусиянын Кемерово шаарындагы "Зимняя Вишня" соода борборундагы өрт электр зымдарындагы мүчүлүштүктөрдөн келип чыкканы болжолдонууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, өрттүн келип чыгуу себептери толук аныктала элек, иликтөө иштери улантылып жатат.

"Эксперттердин айтуусуна караганда, соода борбордун чатырындагы аккан суу электр зымдарынын жарылуусуна себеп болгон деп болжолдонууда. Анткени чатырдагы кар эрип, анын суусу электр зымдарына тамчылай баштаган. Ал өрттүн чыгуусуна себепчи болуп, алгач желим шып күйүп баштаган. Бирок өрт чыккан учурда сигнализация иштебей калган. Ал автоматтык түрдө эмес, кол менен иштетиле турганы аныкталган. Өрттү өз учурунда өчүрүүгө мүмкүн болгон, бирок күзөтчү убагында байкаган эмес", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 25-март күнү Орусиянын Кемерово шаарындагы "Зимняя Вишня" соода борборунда өрт чыккан. 4 кабаттуу соода борбордун жогорку кабаты өрттүн эпицентри болгону айтылган. Ошондой эле жогорку кабатында кинотеатр жана аттракциондору менен балдар ойноочу аянттар болгону маалыматта кошумчаланган. Аны менен катар соода борбордун күзөтчүсү кармалганы кабарланган. 2-апрелде Кемерово облусунун губернатору Аман Тулеев өз каалоосу менен кызматтан кетти. Ошондой эле 28-мартта Сот Кемероводогу "Зимняя Вишня" соода борборунун башкы директору Надежда Судденокту 2 айга камакка алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан