Ак Үйдүн алдына "Ош базарындагы" өрттөн зыянга учураган соодагерлер да митингге чыгышты

Бүгүн, 17-апрелде Ак Үйдүн алдына "Ош базарындагы" өрттөн зыянга учураган соодагерлер да митингге чыгышты. Чогулган 30дай соодагер өздөрүнүн талаптарын билдирип жатышат. "Сейтек" соода жайында зыянга учураган соодагер Айнура Наркеева өкмөттөн эч кандай жардам болбой жатканына нааразы болду. Анын айтымында, ал жалпы 400 миң сом зыянга учураган.

"Биринчи күйгөндө 100 миң сомдук кийимдерим, экинчи күйгөндө 300 миң сомдук бут кийим товарларым күйүп кетти. Азыр кредиттеримди төлөй албай жатам. Соодага чыгайын десем товарым жок же соода ордум жок. Айла жок ачка жүрөбүз. Өкмөткө, депутаттарга, президентке канча кайрылганыбыз менен жардам жок. Бизге жеңилдетилген насыя берип же азыр төлөп жаткан насыябыздын мөөнөтүн узартып берип коюшса жакшы болмок", - дейт Наркеева.

Митингге чыккандар - "Сейтек" жана "Берекет" соода жайында зыянга учурашкандар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aidani
2018-04-17 18:30:08
Байкуштар ай унунор кудайга жетсин, Аллах жардам бербесе чон курсактар билбейм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан