Бүгүн, 17-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик чек арадагы пайда болуп жаткан көйгөйлөрдү жөнгө салуу маселелери жана абалы талкууланды. Мамлекет башчысына мамлекеттик чек араны күзөтүү жана коргоо боюнча, ошондой эле Кыргыз-Өзбек жана Кыргыз-Тажик чек араларындагы жакында болуп өткөн окуяларга байланыштуу абал боюнча аткарылып жаткан жумуштар жөнүндө маалымат берилди.
Мындан тышкары, Уларбек Шаршеев президенттин чек ара кызматынын ишмердигин жана жарандарды чек арадан өткөрүү тартибин жакшыртуу жөнүндө бир катар тапшырмасын ишке ашыруунун жүрүшү боюнча маалымдады. Мамлекет башчысы Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик чек арасынан, өзгөчө жергиликтүү тургундар жашаган чек арага жакын жерлерде көзөмөлсүз өтүүгө жол бербеши үчүн уюштуруучулук жана техникалык мүнөздөгү чараларды көрүү тапшырмасын берди.
Сооронбай Жээнбеков мекеменин алдына ар түрдүү чыр-чатактардын алдын алыш үчүн мамлекеттик чек аранын тартибин сактоо боюнча жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдетин тапшырды.
Кыргыз-Өзбек чек арасындагы жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү ташуунун көбөйүшүн эске алуу менен президент өткөрүү пункттарында адамдардын жана транспорттун көп топтолушуна жол бербөө иш-чараларын улантууну тапшырды.