Депутат Алтынбек Жунус уулу Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду "Ош базарын" ордунан жылдырбоого чакырды. Депутаттын пикиринде, базарды жылдыруу көп түйшүктү талап кылат.
"Ош базарын" көчүрүү эмес, анын ордуна ичин иретке келтирүү аракеттерин көрсөңүздөр жакшы болот. Анткени аны көчүрүп, кайра ишти алып кетүү жеңил иш эмес. Ал эми зыянга учураган соодагерлердин азыркы насыяларынын пайыздарын азайтып же кайра насыя алууда күрөө сыяктуу шарттарды койбой реалдуу шарт түзүү керек. Өкмөттө зыянга учурагандарга жардам берүү үчүн атайын фонд барбы жана канча сомдон жардам берели деп жатасыздар?" - деп кайрылды депутат.
Вице-премьер-министр Санжар Муканбетов зыянга учурагандарга канча сомдон жардам бериле турганы боюнча так айта алган жок. "Өкмөт башчы банктардын жетекчилери менен жолугушуп, учурда сүйлөшүүлөр уланып жатат. Канча сомдон жардам берилерин так айта албайм", - деди Муканбетов.