Москвада Кыргыз жараны бычакталып өлтүрүлдү деген маалымат калп болуп чыкты. Жалганчылар жоопко тартылат

Москвада Кыргыз жараны бычакталып өлтүрүлдү деген маалымат калп болуп чыкты. Жалганчылар жоопко тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

"Биз тактоо үчүн бардык тийиштүү органдар менен байланыштык. Бирок бардыгы бул факты катталбаганын билдиришти. Азыр биздин юрист тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Эгер бул фотошоп аркылуу жасалган тамаша болсо, уюштурган тарап жоопко тартылышы мүмкүн. Себеби чет өлкөдө жүргөн мекендештерибизге бул терс таасирин тийгизет", - дешти элчиликтен.

Эске салсак, буга чейин Орусияда Кыргыз жаранын "Домодедово" аэропортуна бараткан жолдо бычактап кетишти деген маалыматты окурман "Элдик кабарга" билдирген. SUPER.KG порталы бул боюнча Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигине байланышканда, мындай кабар бул дипломатиялык мекемеге да келгенин билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
maks147
2018-04-18 23:41:39
Кыргызстанда жаны президент шайландыбы мен интернетке кирбей бугун окудум
-38
nemo2016
2018-04-19 00:01:19
maks147,акоптон Эми чыктым десен жарашчудай экен
+32
aman0296
2018-04-19 00:05:43
maks147, комадан эми ойгондунбу?
+25
traveler
2018-04-19 00:07:15
aman0296, Мумкун чет олколордун биринде катуу иштеп жургондур интернетке да колу бошобой
-18
Paol
2018-04-19 00:55:47
maks147,а жоок ошол элеее Бакиев эле
+21
raykray
2018-04-19 00:03:16
Жиндиго адамдар бир кун мурда олтурулгон суротун коруп,кайгыргам эртеси аяшым барып ошо бала мн суротко тушуп жиберсе тан калдым!!! Катуу жазалсалар экен жалган маалымат тараткандарды!!!
+10
Дарыгер
2018-04-19 02:11:17
raykray,ушул кабар чыгаары менен эле Кабарда койсон болмок баарыбызды кайгыртпай
+1
zarlyk2211
2018-04-19 02:25:11
Мындай нерсени акылы кемдер эле жасабаса, акылы жайында адамдын оюнада келбейт. Атын чыкпаса жер өрттө болуптур.
+2
munar1980
2018-04-19 04:31:39
жалганчылар жоопко тартылышы мумкүн эмес эле тарткыла жоопко камап салгыла 2 жылга бул кабардын айынан Кыргызстанда канчалаган Ата Энелердин кан басымы көтөрүлдү балдарын ойлошуп чет жерде жүргөн
+3
modem4999
2018-04-19 09:44:30
Ошон учун интернетке ишенбегиле , сурот видеолорду ватсаптан таратпагыла,тажаттынар.
+3
birtanem
2018-04-19 11:11:50
Суроттун фотошоп экени дана элекорунуп турат го. Мен ишенген эмесмин. Албетте ким таркатсада жазасын алыш керек.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан