"Ош базары" шаардын четине көчүрүлүшү мүмкүн деген маалымат боюнча SUPER.KG порталынын суроосуна Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев төмөнкүдөй пикирин билдирди. Ал "Ош базарын" көчүрүүгө мамлекеттин күчү жетпей турганын айтты.
Депутат билдиргендей, ал жердеги объект, жерлердин баары менчикке өтүп кеткен. "Эгер мамлекет өзү базар баасы менен сатып ала алса, анда көчүрсө болот. Азыр жашылча базарда 70ке жакын субъект бар. "Берекет" базарында канча кожоюн бар экенин билбейм. Анын баарын алуу үчүн ээлерине каражат төлөө жагы турат. Алар ар түрдүү бааларды айтышы мүмкүн. Азыр мугалимдер менен дарыгерлерге жакшы айлык маяна төлөп бере албай жатканда бул ишке ашпайт. Ал жакка миллиондогон долларлар кетет. Андан көрө базардын баарын жайма базарга айландырбай, унаа токтотуучу жайларды курдуруу зарыл. Мыйзамга туура келбеген жерлерди иретке келтирип чыгыш керек", - деген ойдо Кожобек Рыспаев.
Калича Өмүралиева, Эрнис Докенов, Зиядин Жамалдинов жана башка саясатчылардын пикири төмөнкү шилтемеде.