Депутат Айбек Алтынбеков "Бардык базарларды шаар сыртына көчүрүү зарыл" деген пикирде

"Ош базары" шаардын четине көчүрүлүшү мүмкүн деген маалымат боюнча SUPER.KG порталынын суроосуна Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков төмөнкүдөй пикирин билдирди.

Анын айтымында, бардык базарларды шаар сыртына көчүрүү зарыл.

"Бизде элдин саны көбөйдү. Мурда базарлар калктын санына туура келчү. "Ош базарын" көчүрсө, комплекстүү түрдө шаардын ичиндеги бардык базарларды көчүрүш керек. Жалгыз "Ош базарын" көчүрүү - бул болбой турган нерсе. Биринчи кезекте орун алмаштыруу үчүн жерди аныктап, ал жерде бардык инфраструктураны алып барыш керек. Бул абдан чоң каражатты талап кылат. Ошондуктан бул ишке ашпай турган нерсе го деп ойлойм", - дейт Алтынбеков.

Калича Өмүралиева, Эрнис Докенов, Зиядин Жамалдинов жана башка саясатчылардын пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nurgaz
2018-04-19 12:37:36
ХХХХХХХХХХ бир тыйын тушпойт дагы кочуруш керек дегенинер ашыкча, чонтокко карап иш кылгыла, соодагерлердин куйуп кеткен товарларын чечип бергиле, анан кочурушту ойлонгула.
+3
Bolunbo.kyrgyz
2018-04-19 13:09:37
Отуруп алып ойду тоону суйлоп койгондорду кетириш керек пайданар тийбегенден кийин зыян кылбай отургула
+1
Atas
2018-04-19 16:53:49
Ооба порядок болуш керек борбор калаа болсо
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан