Бүгүн, 19-апрелде Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов "Ош базарында" товарлары менен кошо соода орундары өрттөнүп кеткен жарандарды кабыл алды. 10 кишиден түзүлгөн топ мэрге өздөрүнүн талаптарын айтышты.
Жабыр тарткандар жумуш ордун калыбына келтирип, чыгымдарга компенсация төлөп берүүнү талап кылышууда. Ошондой эле базардын администрациясын бир нече айга жеңилдик берүүсүн жана насыя алгандарга дагы жеңилдиктер каралышын суранышты. Мындан сырткары соода менен алектенгендер "Ош базарын" шаардын четине көчүрбөөнү талап кылышты.
Албек Ибраимов бул маселе боюнча мэрия толугу менен иш жүргүзүп жатканын айтты.
"Биз 2 күндөн бери ушул маселе менен толук иштеп жатабыз. Өкмөттө 8 сааттан жыйындар жүрүүдө. Өрт чыккан күнү эле бул боюнча комиссия түзүлгөн. Коммисияга базардын жетекчилиги, ӨКМнын, ИИМдин, Мамэкотехинспекциянын өкүлдөрү кирген. Азыркы тапта комиссия өз ишин жүргүзүп жатат",- деди шаар башчысы.
Айта кетсек, 13-апрелде "Ош базарындагы" "Берекет" соода түйүнүнөн түнкү саат 3:00төр чамасында өрт чыккан. Өрттү өчүрүү үчүн 14 техника жана 96 өрт өчүрүүчү кызматкерлер тартылган. Анда базардын 5 миң 400 чарчы метр жери күйүп кеткен. Өрт катталганын уккан айрым соодагерлер эртерээк келип, контейнердеги товарларын сыртка чыгарууга аракет кылышкан. Айрым сатуучулардын товарлары дээрлик күйүп кетип, күлгө айланган. Буга чейин да "Ош базарынан" 2 ирет өрт чыгып, соодагерлер материалдык чыгым тартышкан. ӨКМ биринчи жолку кырсык өрт коопсуздугу сакталбаган электр зымдарынан чыкканын, 2-жолкусунда атайын кимдир бирөө тарабынан өрттөлгөнүн билдирген. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, бул ирет да базар атайын өрттөлүшү мүмкүн экенин аталган мекемеден билдиришкен.