Күйүп кеткен соода орундарын базар жетекчилиги өз каражатына оңдоп берет. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов "Ош базарындагы" "Берекет" соода түйүнүнөн чыккан өрттөн жабыр тарткан соодагерлерди кабыл алып жатып билдирди.
"10 күндүн ичинде Мамэкотехинспекциясы менен ӨКМнын чечими чыкса, өрт чыккан жерде тазалоо иштерин жүргүзүп баштайбыз. Мен "Бишкек башкы архитектурага" тапшырма бердим, алар тез арада базарга жаңы долбоор чийип беришет. Анда бардык өрт коопсуздуктары камтылат. Жумуш ордун калыбына келтирүү боюнча маселени базардын жетекчилиги өзүнүн карамагына алды, алар базарды толугу менен өзүнүн каражатына тургузуп беришет", - деди Ибраимов.
Айта кетсек, 13-апрелде "Ош базарындагы" "Берекет" соода түйүнүнөн түнкү саат 3 чамасында өрт чыккан.
Анда базардын 5 миң 400 чарчы метр жери күйүп кеткен. ӨКМ алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, базар атайын өрттөлүшү мүмкүн экенин билдирген.