Бишкек шаарында дагы бир көчө жабылат

Бишкек шаарындагы Кулатов көчөсүндөгү жылуулук системин оңдоп-түзөө иштери башталганына байланыштуу жолдун жарымы автоунаалар үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-апрелден тарта Кулатов көчөсүнүн Айдаралиев көчөсүнөн тартып Ош көчөсүнө чейинки аралыгы жабык болот. Оңдоо иштери 29-майга чейин уланат. Бишкек мэриясы айдоочуларга жүрө турган жолду алдын ала белгилеп алууну эскертет.

Эске салсак, шаар мэри Албек Ибраимов буга чейин оңдолуп жаткан жолдордун абалы менен жеринен таанышып чыккан.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Daak9091
2018-04-19 13:48:46
Курайт экенбизко чиркин машина айдабай эле койуш керек болуп калды ойлонуп жазасанар боло
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан