Нуркан Турсунбаевдин жубайы: "Бүбайша Арстанбекованын биз тууралуу айткандарынын баары калп"

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Нуркан Турсунбаевдин жубайы Жыпаркүл Турсунбаева буга чейин Бүбайша Арстанбекованын жолдошу тууралуу айткан сөзү калп деди.

Маалымат жыйында Жыпаркүл Турсунбаева жолдошу Нуркан Турсунбаевге кол салуу болгонун билдирген эле. Ал өз сөзүндө: "Жолдошума кол салган аял - Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин үстүнөн көзөмөлдөгөн байкоочу кеңештин төрайымы Бүбайша Арстанбекова. Ал атайын даярданып жанына 2 аялды ээрчитип келип, иш учурунда драма театрдын эшигинин алдынан жолдошумду сабап кетти", - деп айткан.

Буга жооп иретинде Бүбайша Арстанбекова “Нуркан Турсунбаев мени чөнтөгүнөн бычак алып чыгып коркутту, мен коргонуу үчүн аны сумкам менен чапкылагам", - деп билдирген эле. Аны бүгүн, 19-апрель күнү Жыпаркүл Турсунбаева жокко чыгарды.

Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Нуркан Турсунбаевдин жубайы Жыпаркүл Турсунбаеванын кайрылуусу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Azat.97
2018-04-19 15:28:20
Ошо калп.
0
kechirmeni
2018-04-19 15:39:14
Эртен алар чыгат силердикин калп деп
0
nargis
2018-04-19 16:38:54
Уят эмеспи, маданиятын маданиятсыздыгын корсотуп бардык эле тармак эмне эле болуп калган жок дегенде элге чыкпай эле чечишип алса болбойбу?
+4
sakuna
2018-04-19 16:41:50
Дагы бир диалог башталды
+2
Fatimka
2018-04-19 19:25:48
Мен дагы эжеге ишендим. Онор адамдарынын колунан жаман иш келбейт. Алардын жан дуйносу назик болот. Нуркан Турсунбаевдин талантын баалайм.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан