Түркиянын Анкара шаарында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган иш-чаралар өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматынан кабарланды.
Берилген маалыматка ылайык, министр Султан Жумагулов Түркияда Чыңгыз Айтматов жылынын ачылыш салтанатында сөз сүйлөп, Айтматовдун 90 жылдыгы бүт дүйнөдө белгилене турганын айтты.
"Ошондой эле С.Жумагулов кыргыз бермети Ысык-Көлдө "Айтматов жана учур сыноолору" аттуу дүйнөлүк форум өтөрүн маалымдады. Буга байланыштуу Кыргыз элинин жана өкмөтүнүн атынан Түркиянын өкмөтүнө чын дилден ыраазычылык жолдоду", - деп жазылат маалыматта. Жазуучунун 90 жылдыгына байланышкан иш-чаралар 22-апрелге чейин улантылат.
Эске сала кетсек, түрк тилдүү элдердин "Түрксой" маданий уюму 2018-жылды "Чыңгыз Айтматов жылы" деп жарыялоо чечимин кабыл алган. Буга чейин Өзбекстан Республикасында да улуу жазуучунун 90 жылдыгы ири масштабда белгилене тургандыгы кабарланган.
"Түрксой" эл аралык маданий уюмуна Азербайжан, Казакстан, Кыргыз мамлекети, Түркмөнстан жана Түркия кирет. Уюмдун негизги максаты - түрк тилдүү элдердин мамилесин чыңдоо жана аларга тиешелүү болгон маданий баалуулуктарды сактоо.