Жогорку Cот мурдагы депутат Чолпон Жакуповага салынган 3 миллион сом айып пулду бөлүп төлөө өтүнүчүн кайрадан карап чыгууга биринчи инстанцияга жиберди. Бул тууралуу 19-апрелде SUPER.KG порталына Жакупова билдирди.
Анын айтымында, Октябрь райондук сотуна 3 миллион сомду бөлүп төлөө өтүнүчүн келтирген. Бирок өтүнүч четке кагылып, маселени Жогорку Сот бүгүн, 19-апрелде кайра карап чыкты.
"Экс-президенттин аброюна шек келтирди деген айып менен 3 миллион сомго жыгылганбыз. Ал айып пул биздин ар бирибизде илинип турат. Буга чейин ар бирибиз ошол 3 миллион сомду бөлүп төлөө өтүнүчүн келтиргенбиз. Бирок Октябрь райондук соту ал өтүнүчтү четке кагып, аталган өтүнүч боюнча ишти Жогорку Cотко жиберген. Ал эми бүгүн Жогорку Cот келтирилген өтүнүч боюнча кайра каралып чыксын деп, биринчи инстанцияга жиберүү чечимин чыгарды. Бул жерде кубанарлык эч нерсе деле болгон жок. Болгону убакытты созуп жатышат. А менин болгон мүлкүм арестте турат", - дейт укук коргоочу.
Эске салсак, Башкы прокуратура экс-депутат Чолпон Жакупованын сөз эркиндиги боюнча жыйында сүйлөгөн сөзү үчүн жана "Заноза" сайтында жазылган материал боюнча ошол кездеги президенттин кадыр-баркына шек келтирди деп сотко кайрылган. Башкы прокуратура "Занозанын" башкы редактору Дина Маслова, сайттын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып, Чолпон Жакупова жана "Заноза" сайтына 3 миллион сомдон доо койгон. Жалпы доонун баасы 12 миллион сом болгон. Доо арызды райондук жана шаардык сот канааттандырган.