Сырт айылынын тургуну: "Дыйкандар сугатка сууну ченеп, акчасын төлөп алабыз"

Араван районуна караштуу Сырт айылынын дыйкандары талаа сугатына сууну сатып алышат. Бул тууралуу маалыматты аталган айылдын тургуну SUPER.KG порталына кабарлады.

Анын айтымында, айыл эли сууну жакын жайгашкан Найман көлүнөн алып пайдаланышат. Ал эми талаа сугат иштерине колдонулуучу суунун баасын быйыл өткөн жылдарга салыштырмалуу кымбаттатып салышкан. Айылда мурап сугатка суу алгандардан суунун ченемине жараша акча алып турат.

"Ал топтолгон акчаны "жетекчилерине" тапшырат болуш керек. Биздин айылдын эли дарбыз, пахта, буудай эгип жан багат. Быйыл Найман көлүндө суу азайып баратат дешип, дыйкандарга суу бербей коюшту. Арыктан суу агат, аны да кенен ала албайсың, өлчөмүнө жараша акча төлөп беребиз. Суунун тартыштыгынан дыйкандарга киреше түшпөй калат деп баары чочулап жатышат.

Мал-жандыктарды сугаруу үчүн жерди атайын чуңкур казып коёбуз, жаан жааганда чуңкурга суу толуп, аны сузуп малдарга беребиз. Дыйкандарга сууну чектеп койгонуна баары нааразы", - дейт айыл тургуну.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kamaldin
2018-04-19 19:19:34
Урматтуу кабар ээси бул проблема сырт айылында эле эмес буткул тоомоюн ороонундо десениз жакшы болмок
+3
duyshon.kg
2018-04-19 19:22:30
Рувхда сууга куб менен толойсун кымбат саталбайт закон бар суу кодексини карасан
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан