"Ата-Бейитти" ачкан Бүбүйра Кыдыралиевага бүгүн, 19-апрелде өкмөт Бишкектеги "Туңгуч" кичи районунан бир бөлмөлүү батир берди. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан кабарлашты. Маалым болгондой, батирдин ачкычын премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сапар Исаков тапшырды.
Исаков учурдагы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин ордунда репрессия курмандыктары массалык түрдө жашырылгандыгына бала кезинде күбө болгон Бүбүйра Кыдыралиеванын жасаган ишинин тарыхый маанисин белгиледи. Ошондой эле ага ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалады.
Кыдыралиеванын балдары жана өз үйү жок экенин, учурда туугандарынын балдарынын үйүндө жашап жаткандыктан, ага жардам берүү маселеси Жогорку Кеңеште депутаттар тарабынан бир канча ирет көтөрүлгөн.
Бүбүйра Кыдыралиева 1928-жылы туулган. Ал 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыктары болгон Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов башында турган 137 адамдын сөөгү жаткан "Ата-Бейитти" ачкан.