Жаңы өкмөттүн курамы (тизме, фото)

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, жаңы өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын жактырып бекитти. Жыйынга 115 депутаты катталып, өкмөттүн программасы үчүн “макул” деп 115 депутат добуш берди. Ал эми өкмөттүн курамы үчүн “макул” деп 115 депутат бир добуштан колдоду.

Жаңы өкмөттүн программасы "Биримдик, ишеним, жаратмандык" деп аталат.

Өкмөттүн сунушталган курамы:

– Премьер-министр – Мухаммедкалый Абылгазиев;

– Биринчи вице-премьер-министр – Кубатбек Боронов;

– Экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Замирбек Аскаров;

– Коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр – Жеңиш Разаков;

– Өкмөттүн аппаратынын башчысы – министр – Мурат Мукамбетов; (ордунда калды)

– Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Алтынай Өмүрбекова;

– Билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева; (ордунда калды)

– Эмгек жана социалдык өнүгүү министри – Таалайкүл Исакунова; (ордунда калды)

– Тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев; (ордунда калды)

– Маданият, маалымат жана туризм министри – Султан Жумагулов; (ордунда калды)

– Транспорт жана жол министри – Жамшитбек Калилов; (ордунда калды)

– Ички иштер министри – Кашкар Жунушалиев;

– Юстиция министри – Айнур Абдылдаева; (ордунда калды)

– Каржы министри – Адылбек Касымалиев; (ордунда калды)

– Экономика министри – Олег Панкратов;

– Өзгөчө кырдаалдар министри – Нурболот Мырзахмедов;

– Саламаттыкты сактоо министри – Космосбек Чолпонбаев;

– Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри – Нурбек Мурашев; (ордунда калды)

– Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы - Идрис Кадыркулов;

– Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Уланбек Рыскулов; (ордунда калды)

– Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы – Бакыт Шаршембиев;

– Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы – Эрлис Тердикбаев.

Айта кетсек, кечээ, 19-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Буга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү отставкага кетирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан