Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Айнур Абдылдаева юстиция министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты. Абдылдаеванын талапкерлигин Жогорку Кеңеш 11-апрелде карап, колдоого алган.
Аталган министрликтин мурдагы жетекчиси Уран Ахметов өзүнүн берген арызынын негизинде 3-апрелде кызматынан бошотулган.
Айнур Абдылдаева 1976-жылы Фрунзе шаарында туулган.
1999-жылы - Кыргыз улуттук университетинин математика, информатика жана кибернетика факультетин аяктаган. 2007-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2000-2001-жылдары - президенттин иш башкармалыгынын инспектору, оператору;
2001-2003-жылдары - премьер-министрдин аппаратынын юридика бөлүмүнүн референти;
2003-2006-жылдары - премьер-министрдин аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;
2006-жылы - премьер-министрдин аппаратынын жарандардын кайрылуусу менен иштөө бөлүмүнүн эксперти;
2006-2009-жылдары - премьер-министрдин аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадр кызматы бөлүмүнүн эксперти;
2009-жылы - өкмөттүн аппаратынын өкмөттүк чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн жетекчиси;
2010-жылы - президенттик администрациянын жыйындарды даярдоо бөлүмүнүн жетекчиси;
2010-жылы - Убактылуу өкмөттүн аппаратынын административдик камсыздоо бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, президенттик администрациянын жыйындарды даярдоо бөлүмүнүн жетекчиси, президенттик аппараттын канцеляриясынын жетекчиси;
2017-жылдан тартып Юстиция министрлигинин статс-катчысы болуп эмгектенип келген.