Коомчулукту китеп окууга үндөгөн "Окуган бала - гүлдөгөн Кыргызстан" жумалыгы башталат

Бүгүн, 20-апрелде Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында китеп күнүнө арналган "Окуган бала - гүлдөгөн Кыргызстан" аталыштагы китеп жумалыгы башталды.

Аталган иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып 27-апрелге чейин уланат. Китеп жумалыгы Билим берүү жана илим министрлиги менен Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, ЮНИСЕФ, АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Кыргыз Республикасындагы АКШнын элчилиги тарабынан ишке ашырылып жатат.

Иш-чаранын негизги максаты – билимге, руханий байлыкка жана маданиятка жол ачкан китеп окууга балдардын жана чоңдордун кызыгуусун арттырып, бул багытта ата-энелердин маанилүү ордун көрсөтүү жана патриотизм, адам өмүрүнүн баалуулугу, табият менен адам баласынын бирдиктүүлүгү идеяларын илгерилетүү.

Кыргыз өлкөсүнүн бардык китепканаларында жана мектептеринде төмөнкүдөй бир катар иш-чаралар өткөрүлөт:

21-апрелде саат 11:00дө "Ала-Тоо" аянтынын жанындагы Курманжан датканын эстелигинин алдында Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүн расмий ачуу аземи болот. Ачуу аземинен кийин ар бир китеп сүйүүчүлөрүн кайдыгер калтырбаган билим берүү, маданий жана көңүл ачуу аянтчалары иштеп баштайт.

Пландаштырылган иш-чаралар:

- "Улуттук китеп искусствосу" конкурсунун жети номинациясы боюнча сыйлыктарды тапшыруу;

- Кыргыз Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн белгилүү жазуучуларынын китептеринин көргөзмөсү жана китептерди сатуу;

- "Айтматовду окуйбуз" аянтчасы: Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуу боюнча конкурстар жана викториналар;

- Балдар бий топторунун катышуусу менен фольклордук жана эстрадалык музыка концерти;

- Балдар үчүн цирк оюндары;

- Куурчак спектакли;

- "Келгиле, окуйбуз!" аянтчасы: беш негизги окуу жөндөмдөрүн өркүндөтүү боюнча балдар жана ата-энелер үчүн оюндар жана көнүгүүлөр, логопеддердин акысыз кеңештери;

- "Кызыктуу устакана". Балдардын кагаз жана асфальт бетине тарткан сүрөттөрүнүн конкурстары, оригами жана квиллинг боюнча балдар үчүн мастер-класстар;

- "Чыгармачылык лабораториясы". Конструктор чогултуу боюнча мелдештер, робототехника боюнча мастер-класс;

- "Шаңдуу старт". Спорттук мелдештер, чоңдор жана балдар үчүн стол үстүндө ойнолуучу оюндар;

- "Усталар шаары". Реабилитациялык борборлордун, мектеп-интернаттардын жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары жасаган кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү жана аларды сатуу;

- "АКШда билим алуу". ACСELS, АКШ элчилигинин кызматкерлеринин жана АКШ окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн кеңештери.

Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү 1995-жылы Парижде өткөн ЮНЕСКОнун 28-Генералдык ассамблеясында расмий түрдө жарыяланган. Анын максаты маданий каада-салттар жөнүндө маалымат берип, аларды сактап калуу болуп эсептелет. Анткени китептин жардамы менен билимге гана ээ болбостон, идеялар, руханий жана моралдык баалуулуктар менен таанышып, көркөмдүк жана адам баласынын чыгармачылык жетишкендиктери тууралуу үйрөнүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhaku2017
2018-04-20 12:28:11
Билимдүүнүн билими жугат, акылдуунун акылы жугат. Билимден өткөн досуң жок, оорудан өткөн касың жок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан