Сокулук районунда изделип жаткан Никита Пермяков табылды. Бул тууралуу 20-апрелде SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 15 жаштагы өспүрүмдү көргөн күбөлөр ата-энесине чалып анын жүргөн аймагын кабарлашкан.
"Кабарлангандан кийин ал жүргөн аймакты издөөгө алып, бала табылды. Ал 2-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан. Өспүрүм 18 күндөн бери Сокулуктун аймагындагы компьютердик клубда түнөп жүргөнү аныкталды. Ал күндө тилемчилик кылып, тапкан акчасы менен компьютердик клубда жүрө берген", - дейт басма сөз кызматы.
Маалыматта Никита Пермяков буга чейин да үйүнөн бир нече жолу качып жүргөндүгү кошумчаланат.
"Ошондой эле аталган аймактан дагы бир өспүрүм 8-апрелден бери изделип жаткан. Ал да 20-апрелде табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул өспүрүмдүн да компьютердик клубда түнөп жүргөнүн аныктадык", - деп айтылат маалыматта.