"ЭЛДИК ВИДЕО": "Бир нече алтын кенин иштеткен компаниялар бар аймактагы жолдун абалы"

"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Бир нече алтын кендерин иштеткен компаниялар бар Ала-Бука-Шекафтар жолунун абалы" деген видео жүктөлдү. Видеону SUPER.KG порталынын окурманы жөнөткөн.

Видеодон айдоочу жолдо унаа айдап баратканын, жолдун баары баткак, жүргөн сайын терезесине ылайдын чачырап жатканын көрүүгө болот.

Автор видеого жазган билдирүүсүндө: "Ала-Бука-Шекафтардын Орток-Белден ары 20 чакырым аралыгынын абалына мышык ыйлайт. Албетте, Кыргыз жеринин жашоочулары үчүн жолдордун мындай абалы жаңылык эмес. Бирок бул аймакта алтын кенин казган ишканалардын саны көп.

"Иштамберди", "Эти Бакыр Терексай", "Бозумчак" жана дагы бир жаңы ишкана ачылды. Жыл сайын мындай ишканалардын төккөн салыгы тууралуу ири суммалар айтылат. Бирок анын кайда иштетилгени белгисиз. Алтын чыккан жердин абалы ушул. Ошондо анын пайдасын эл көрбөйбү?

Ала-Бука-Шекафтар жолу Сумсар, Биринчи Май айылынын тургундарын байланыштырып турат. Бул жолдон 60 миңдей унаа күнүмдүк тиричилик муктаждыктары боюнча каттайт".

Ала-Бука-Шекафтар жолунун абалы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Zainidin96
2018-04-20 20:02:36
Чаткалдагы жолдорду айтпай эле койоюн примерно 20га жакын фирма бар норм жолду ондой алышпайт жылына канча миндеген тонна алтын чыгарышпайт бир жолду норм ондоп беришпейт
+3
33SUUN
2018-04-20 21:07:10
Ошто тоолу жерлер да жолу жакшына
0
Rifle_I
2018-04-21 13:15:04
Таш-Көмүр менен Аксынын ортосундагы жолдун абалына да мышык ыйлайт. Машиналарыбыз чачылып кетейин деп араң өтөт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан