Бишкекте жигиттер "Токтот, кызыңды кордотконуңду!" деген ураан менен жүрүшкө чыгышты

Бүгүн, 20-апрелде Бишкек шаарында эркектер кыргыз кыздарынын чет өлкөгө чыгуусуна каршы болуп жүрүшкө чыгышты. Ага жалпы кыркка чукул активисттер катышты. Алар Фрунзе-Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде топтолуп, плакаттарды көтөрүп Абдрахманов көчөсүнө чейин басышты.

Уюштуруучулардын айтымында, кыргыздын кыздары чет өлкөгө кетип, бир топ кордуктарга, зомбулукка жана башка ар түрдүү кыйынчылыктарга туш болууда.

Жарандык активист Тилек Таалайбеков жүрүштүн негизги максаттары тууралуу айтып берди. Алар:

1. Жаш кыздардын чет элге иштеш үчүн чыгуусун токтотуу;

2. Чыкса, атасы же энеси, күйөөсү, тууганы менен кошо кетүүсүн кароо;

3. Кыргыз жеринде ажырашкан эркектерге айып салуу, алименттин суммасын көтөрүү жана аны кечиктирүүсүз милдеттүү түрдө төлөтүү.

"26 жашка чейинки кыздардын чет өлкөлөргө кетүүсүнө чектөө киргизип берүүсүн суранат элек. Анткени канчалаган кыздарыбыз чет өлкөгө кетип, ал жактан ар түрдүү кордуктарга туш болууда. Ошондой эле чет өлкөдөгү кыздардын укуктарын коргосок дейбиз. Азыр кыздарыбыз мектепти бүтүп эле башка өлкөлөргө кетип жатышат.

Тил билбесе, турмуштун оош-кыйышын көрбөсө ал бат эле алданып, өз укугун билбей кор болот. Кыздар 26 жашка чейин мектепти, университетти бүтүп анан чыга берсин. Чет өлкөдө окуусун улантууга кетем дегендерге чектөө койбойбуз. Биз, тескеринче, аларды колдойбуз. Бирок ал окуу жайлар тастыкталып, текшерилип жөнөтүлгөн болсо", - деп айтты Таалайбеков.

Андан сырткары Таалайбеков мындай жагдай эмнеден улам пайда болуп жатканын айтып берди.

"Бул маселе өлкөбүздө жумуштун жоктугунан деп айтабыз, бирок Кыргыз жергесинде тигүү өндүрүшү азыр жакшы эле иштеп келе жатат. Ал ишканаларда деле чет өлкөдөгү 30-40 миң сомду тапса болот. Андан тышкары, чет өлкөдө жүргөндөр эс алып жаткан учурда түшкөн сүрөттөрүн социалдык тармакта жарыялаган үчүн биздин жаштар азгырылып, "ал жакта жашоо сонун, көп акча тапса болот экен" деп жаман жагдайларга кездешип жатышат. Ошондой эле өкмөтүбүз Кыргыз жергесинде чет өлкөдөн жумуш таап берген фирмаларды текшерип, аларды көзөмөлдөсө жакшы болмок. Анткени ал фирмалар кыздарды алдап, сатып жибергендер бар", - деди жүрүштү уюштургандардын бири Таалайбеков.

Бүгүн жүрүшкө топтолгондор талаптарын иреттеп жазып, бир пикирге келишип, аны сунуш катары бийлик өкүлдөрүнө жөнөтмөй болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (38)
Baku88
2018-04-20 16:30:57
Көрүп көзүмон жаш куюлду кай жакты караба самсаалап кыргыз аялдардын жүргөнүн көрөсүң. Биздин аялдар биздин апалар эжелер да бактылуу болуп жашаганга акысы бар эч бир эне кызын чет элге кул болсун кор болсун же азер кытайга тийсин деп төрөбөйт бактылуу болсун тукум уласын деп төрөйт аны атасы мн агасы коргой албай башкага кор кылып салып берип жатат
+7
Baku88
2018-04-20 16:31:10
Ойгонгула!!!
+6
Ask094
2018-04-20 16:35:59
Мен бул жерде башкача реакция куттум эле аттин намысы жоктор калган го бул жерде колунан ХХХХХХХХ келбеген уйдо баатыр сыртта ХХХХХХ.. Молодец колдош керек буларды,эч ким тентибейт кыргыз кыздарынан башка. Козунорду ачкылачы кыргыз кыздврын баарын женил ойлуу деп эсептеп баштады баары...силерге эмне намыс эмес акча керекби ошондо? Сойкудан эмне айырманар бар анда. Э аттин кыргыздын шору куруган корунот уже ошол кызын кул кылганга макул болуп баштапсынар
+5
Baku88
2018-04-20 16:40:56
Ушул жерде отуруп алып да кыздарды куноолоп жаткан эркектерге айтар элем ХХХХХХ деңгээлге жетип калыпсынар
-2
nuri1
2018-04-20 16:45:53
Колдорунан ХХХХХХХХ. Ушундан коро кочо шыпырып элге патриот корнунушсун.
-5
Baku88
2018-04-20 16:47:03
Эненин көз жашы тыйылбаган үйдө кут береке болбойт кыздары кор болгон кыргыз эли барып барып өзү да кор болуп жок болот
-1
xnurgul_gul
2018-04-20 17:35:27
Кичинекей наристелерди зордуктап ыплас иштерди жасаганды токтотолу аларды 2айга камакка алып кое бербейли Кыргыз жигиттери кыздарды зордуктабайлы деген ураан менен чыксанар канткенде адам болобуз деген кыздарды боюнда кылып туудуруп таштап кетпейли экс аялдарыбыз алимент доолганда инвалид деген справка чыгартып албайлы 50догу РФ орус кемпиилердин уйуно кирип жашабайлы тамак бекер уй учун деген ураан менен чыккыла силер жакшысы
+2
grace
2018-04-20 18:50:23
Ушул 40 жигит болсо да чыгып кыргыздын кыздарын, келечектеги энелерди коргогонуна чексиз ыраазыбыз! Койгон талаптарыңар эң туура! Кудайга шүгүр, ушундай эр-азаматтарыбыз көбөйсүн ылайым! 100% колдойм!
+10
amirrus
2018-04-20 19:28:42
кайсыл элдин жудоо корсон зайыбын
ошол элдин эркегинде айыбы азамат жигиттер жакшы жоролго баштапсынар
+8
kasiko
2018-04-20 19:50:11
Бул чакырык эркектер учун, ошону менен катар эже синдилер силер да кулак сыртынан откорбогуло, аялдарды аярлап кастарлап алалы деген мааниде тушунуп кабыл алсак болчудай, жеке менин оюм ушундай, аял уйдун куту, аял мээримдуу эне, эне ички, ал эми ата сырткы тон,деген накыл кеп-нагыз таамай айтылган кеп, урматтуу айымдар, "аял"-деген создун философиялык мааниси аярлан же болбосо сага бироо кам коруу керек дегенди тушундурот,
биздин ордубуз балдарыбыздын жанында, алардын тарбия
+6
Ask094
2018-04-20 20:45:36
kasiko,мына акылынызга балли. Тушунсо болот экег го башта чычандаган сур эчкилер жыйылып алыптыр тушунбой. Алардын бутуна чынжыр салчудай чочулап. Бул жон гана сактайлы кыздарыбызды абийирин жабалы деген эле арекет. Болбосо аялдарыбызды женил ойлуу деп эсептеп калган мисалы россияда ДОШИРАК дешет бат даяр болот дегенсип.
+4
kasiko
2018-04-20 19:58:10
Дене кардынын сактыгы токтугунда, албетте акча тапканда эркек кишиден аша чапкандар бар, ошентсе да жанагы биз жээрип, жемелеп, жаман коруп, "патриоттор" ду да убагында энелери элчилеп акча табам деп конул бура албай калгандыр, албетте беш кол тен эмес, канчалаган кыргыз кыздары чет олкодо, ал тургай оз жерибизде корунгон, атасындай эркектин астында калганын ким тогундойт? Ошолордун убалы кимге? Эртенки уучту улай, тукум кобойто турган биз энелербиз, оз ордубузду билип, уй було
+3
kasiko
2018-04-20 20:01:10
Баш бололу, керек болсо бизди, аял кишини ардактап, коргоп ала турган азаматты тарбиялап, остуруу биздин колубузда, бул убактылуу кыйынчылыктар да арттп калат. Олкобуздо иш орундары тузулуп, телегейибиз тегиз жашоо келерине ишенем
+4
aidanasalanova
2018-04-20 21:48:43
окуу жайды буткон менен жумуш жок болуп жатпайбы, мен мисалы окуу жайды 4 жыл окуп, мыкты баа менен аяктап айылга келсееем мектепте жумуш жок. Азыр бекер олтурганча деп бакчага тарбиячынын жардамчысы болуп ишке кирдим, уч маал балдарга тамак берип, жыйып, идишин жууп дегендей. 4000сом айлык алабыз. Ушинтип жургучо четке чыгып иштесемби деген да ой келет. Мектепте иштейн десен каары эжелерден ашпаса
0
Ask094
2018-04-21 00:20:37
aidanasalanova,куйоого тий анда
+1
Saidochka
2018-04-21 16:45:03
Жаш кыздарын чет олкого жиберип,ошонун нанын жеп отурган Ата эне соройлор аман эле болсун
0
Samat777
2018-04-21 18:49:11
Чынында жапжаш кыздардын чет элде кор болуп жургонуно баарыбыз куноолубуз. Аялзаты коргоого муктаж болуп жаралат табиятынан. Ата энелер жаны окууну буткон кызын 18-20 жаштагы жиберип жатышат. кызы кантип акча таап атат иштери жок. Бир уй булоону билем эки кызын Туркияга жиберип салган акчасына мебель алышып маарышып. Албетте алардын арасында муктаждары бар бирок копчулугу жогорудагыдай оокат учун оз кыздарынын тагдырын тобокелчиликке салышып.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан