Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Мырзаке айылынын 1992-жылы туулган Ынтызар Садырбек кызынын дайыны белгилүү болду.
Буга чейин анын күйөөсү Алмаз Байды уулу SUPER.KG порталына кайрылып, жубайы 14-апрелден бери дайынсыз болуп жатканын айткан. 20-апрелде Байды уулу жубайы ага байланышка чыкканын билдирди.
"Ынтызар 14-апрель күнү таңкы каттам менен Бишкек шаарындагы "Манас" аэропортунан Москвага учуп келмек. Билетинин сүрөтүн мага WhatsApp менен жөнөткөн. Мен аны тосуп алмакмын, бирок 7 саат күттүм, келген жок. Көрсө, ошол күнү документтеринде маселе жаралып учпай калып, кайра айылга кайтып кетиптир. Бирок мага байланышка чыккан эмес, мага анын дайынын билүүгө такыр мүмкүнчүлүк болбой, тынчым кеткен. Бүгүн сүйлөшкөнүбүздө документтерин даярдап алып келе тургандыгын, телефонун жоготуп байланыша албай калганын айтты", - деди Байды уулу.
Буга чейин белгилүү болгондой, түгөйлөр 10 жылдан бери чогуу жашап келишет. Экөөнүн 3 баласы бар.