Бүгүн, 20-апрелде Ак Үйдүн алдында Сапар Исаковду колдоо митинги өтүп жатат.
Маалыматка караганда, тынчтык митингине чыккандар Сапар Исаковду кызмат ордунда калтыруу максатында чогулушкан.
Исаковду колдоо митинги менен катар Ак Үйдүн алдында Тогуз-Торонун жашоочулары нааразычылык акциясына чыгышкан. Талаптары - алар жашаган аймактагы көйгөйлөрдү чечип берүү менен кармалгандарды бошотуу.
Бишкек ШИИББинин маалыматына караганда, нааразычылык акциясына 10го жакын адам чогулуп, кийин тарап кетишкен.
"Учурда "Ала-Тоо" аянтында Сапар Исаковду колдоо максатында 5-6 адам плакаттары менен турушат. Абал тынч. Ошондой эле буга чейин ошол эле жерде Тогуз-Тородогу чыр боюнча 10го жакын тургун нааразычылык акциясына чыккан, бирок азыркы учурда алар тарап кетишти", - деп билдиришти аталган мекемеден.
Эске салсак, кечээ, 19-апрелде 29-премьер-министр Сапар Исаковго Жогорку Кеңеш ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Президент бул чечимди колдоп, өкмөттү отставкага кетирген.