Президент Сооронбай Жээнбеков түркиялык окумуштуу-биохимик, АКШнын Түндүк Каролина университетинин медициналык мектебинин биохимия жана биофизика профессору, "Нобель" сыйлыгынын ээси Азиз Санжар менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жээнбеков профессор Азиз Санжар менен жылуу учурашып, эл аралык деңгээлдеги окумуштуунун Кыргыз мамлекетинде Кыргыз улуттук университетинин жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин окутуучулары жана студенттери менен жолугушуу үчүн келгенине абдан кубанычта экенин белгиледи.
"Сиздин келишиңиз жана студенттер менен жолугушууларыңыз биздин жаштардын илимге умтулуусуна жана жаңы ийгиликтерге жетишүүгө түрткү берет. Жалпы түрк тилдүү элдердин өкүлү катары өзүңүздү билдиргениңиз түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө зор салым кошот. Талыкпаган эмгектин аркасы менен сиз "Нобель" сыйлыгына татыган дүйнөгө таанымал окумуштуу болдуңуз. Биз сизди түрк тилдүү дүйнөнүн гана эмес, бүт адамзаттын эң татыктуу өкүлү деп эсептейбиз", - деп белгиледи президент.
Азиз Санжар Сооронбай Жээнбековго жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз өлкөсү түрк тилдүү элдердин өкүлдөрү тарабынан экинчи мекени катары кабыл алынарын белгиледи.
Баарлашуунун жүрүшүндө ал мамлекет өнүгүшү үчүн кен байлыктарды иштетүүгө гана эмес, адамдык ресурстарга да басым жасаш керектигин белгиледи.
"Илим, билимге карата жарандарынын умтулуусун колдогон, алардын ички эркиндигин тарбиялаган өлкөнүн келечеги кең болот. Кыргыз мамлекети адамдын өнүгүүсүнө, тынчтыктын сакталышына өзгөчө көңүл бурганы мени кубандырат. Адам үчүн эркин жана билимдүү өлкөдө өнүгүү абдан маанилүү", - деди профессор Азиз Санжар.
Жолугушуунун соңунда Сооронбай Жээнбеков профессорго Кыргыздын окумуштуулары менен жемиштүү кызматташууну каалады.