Коопсуздук кеңеши Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин башкаруунун коррупцияга каршы моделин жүзөгө ашыруу боюнча жыйынтыктары менен таанышты

Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашырууга көзөмөл кылуу боюнча жумушчу тобу кезектеги жыйынында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги башкаруунун коррупцияга каршы моделин жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын кандайча ишке ашырып жаткандыгынын жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 24-июнунда аталган министрликте башкаруунун коррупцияга каршы моделин жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планы Коргоо кеӊешинин жумушчу тобу тарабынан бекитилген жана жактырылган. 2018-жылдын 11-январында планды ишке ашыруу боюнча мониторинг өткөрүлгөн. Мониторинг өткөрүү тобуна Башкы прокуратуранын, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын өкүлдөрү жана Коргоо кеӊешинин жумушчу тобунун эксперттери кирген.

"Өткөрүлгөн мониторингдин жыйынтыгында пландын 99 пунктунун 70 пайызы аткарылган, 12 пайызы аткаруу стадиясында турат, 17 пайызы аткарылган эмес. Бир катар иш-чаралар аткарылганына карабастан, коррупцияга каршы түйүндүү иш-чаралар ишке ашкан эмес. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилиги коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашырууну так координациялай албай, алардын аткарылбагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча чаралар каралбагандыгы белгиленген. Мониторинг өткөрүүчү топтун мүчөлөрү министрликтин коррупцияга каршы иш-пландын жооптуу аткаруучулары тарабынан жумушсуз жарандар менен иштөөдө паракорчулук тобокелдиктерин жоюуга каршылык көрсөткөн жагдайлар болгондугун белгилешти. Отурумдун жыйынтыгы менен жумушчу топ эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакуновага коррупциялык тобокелдерди демонтаждоо боюнча такталган пландын пункттарын аткарбагандыгы үчүн жооптуу болгон министрликтин кызматкерлеринин ээлеген кызмат орундарына ылайык келишин кароону сунуштады жана алардын түздөн-түз жетекчилерин тартип жоопкерчилигине тартууну сунуш кылды", - деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары Башкы прокуратурага аталган министрликтин кызмат адамдарына карата коррупцияга каршы пландын аткарылбаган бөлүктөрү боюнча белгиленген тартипте прокурордук жооп актыны өкмөткө жөнөтүү сунушталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан