Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтык милдетин аткарууга киришти

21-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтык милдетин аткарууга киришти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мухаммедкалый Абылгазиевди премьер-министр кызматына дайындалышы тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгын президенттик аппараттын жетекчисиинин биринчи орун басары Досалы Эсеналиев окуп берди.

Өкмөт башчысын кызмат ордуна тааныштыруу иш-чарасына Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жана парламенттик фракцияларынын лидерлери катышты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбековго жана Жогорку Кеңештин депутаттарына ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, элдин жана өлкөнүн гүлдөп өнүгүшү үчүн өкмөттүн эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылууга бардык күч аракеттерин жумшарына ишендирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
betatek-2011
2018-04-21 15:07:11
Суйунушуму же куйунушуму билбейм..туулганына эмес турганына суйун деген кеп бар бизде,жыйынтык чыгарып иштегиле эми,кой сойуп жууп,жа[moderated]рлердин чайын ичип ,дагы 1жыл откорбой.
+12
Sizge.kat
2018-04-21 15:39:44
Менин байпагыман да тез алмашышты го булар
+3
BarsBaatyr
2018-04-21 17:23:12
Ким болсо да эл үчүн, мамлекет үчүн жан үрөп иштесе эле болду.Тааныштыгына эмес профессионалдуулугуна карап кызматка койсо алдыга жылабыз деп ойлойм.Бул менин каршылашым эле дебей Мадумаров, Жапаров ж.б. эл үчүн жанын берген азаматтарды бийлике алып келсе Жээнбековдун дагы жакшы иштерине көмөк болушмак.Азыр Кыргыз элине,мамлекетке биримдик гана керек.
+5
talas0707
2018-04-21 20:16:12
Момбеков туура айты мурун иштегендер кайра эле келишти. кыскасы айлан кочок.
+2
Modric10
2018-04-21 23:03:58
бирок ушул киши премьерликке мыкты киши.буйруса иштеп кетет
+1
rysik79
2018-04-22 08:44:34
Ишине ийгилик каалайм!!! Акжолтой окмот болсун!
+2
Baiaman997
2018-04-22 12:59:52
Озуго окшош адардарды чогултуп баштадыго,президентибиз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан