Палестина Кыргыз өлкөсүнө маданият жана туризм багытында кызматташууну сунуштады

Кыргыз өлкөсү менен Палестина маданият, маалымат жана туризм багытында кызматташат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Султан Жумагулов бүгүн, 21-апрелде Палестина мамлекетинин өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Палестинанын тышкы иштер министринин орун басары Мазен Шамия маданият, маалымат жана туризм багытында кызматташуу сунушун киргизди. Ал өз өлкөсүнөн Кыргыз жергесине келген туристтер аз экенин айткан. Жумагулов кызматташууга дайым даяр экенин билдирген.

Мындан сырткары, министр Палестина мамлекетинин өкүлдөрүн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып, өз маданиятын көрсөтүп кетүүгө чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
traveler
2018-04-21 17:37:36
Палестина кокуй Палестина деп аларды биржолу жардамга муктаж байкуш көрүп алышат, диний фанаттар. Палестиндер керек болсо силерден жакшы жашайт.
+1
nurgaz
2018-04-21 21:01:57
traveler, ким байкуш коруп жатат? бул жерде кызматташабыз деп жатат.
+3
traveler
2018-04-21 21:35:15
nurgaz, Мен башка жактарда Палестиндер учун кайгырып жазып жургондорду айтам. Ата жотоңор тааныбаган Палестина учун Палестиндер кырылды кокуй андай мындай деп
-3
iryi1
2018-04-21 18:19:14
Араб, еврей, полестиндерден алыс болгон жакшы.
-6
traveler
2018-04-21 18:26:22
iryi1, Палестиндер да арабдар.
-4
Zainidin96
2018-04-22 00:20:37
Каякта ал Палестина дегени
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан