Дмитрий Медведев Мухаммедкалый Абылгазиевди премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады

Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев Мухаммедкалый Абылгазиевди премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Орусиянын өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан сизди премьер-министр кызматына дайындалышыңыз менен куттуктайм.

Орусияны жана Кыргыз өлкөсүн достук, өнөктөштүк жана биримдик мамилелер байланыштырып турат. Мындан аркы соода-экономикалык өз ара аракеттер, өнөр жай жана энергетикадагы ири долбоорлорду ишке ашыруу, Евразия экономикалык биримдик алкагындагы интеграцияны тереңдетүү – биздин өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына толук түрдө жооп берет деп ишенем.

Мухаммедкалый Дүйшекеевич, сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана жоопкерчиликтүү ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди каалайм", - деп жазылат куттуктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
akylbek.kg
2018-04-21 15:50:19
Булар да тажап кетти окшойт .бирин куттуктап буто элек жанысы келип)))
+25
traveler
2018-04-21 16:00:01
Дароо эле мактанып чыга калдынарбы анан окмоттун прессасы? Бизди куттуктады деп.
+9
meerimka86
2018-04-21 16:16:05
Кичипейилдикке куттуктап коет да, алардан не кетиптир
+5
Samat777
2018-04-21 16:23:00
Эми кайра ыраазычылык катын жолдогончо түшүп калбаса болду. Депутаттар элдин тагдыры менен оюнчуктай эле ойноп калышты. Силерге караганда садиктеги балдар туруктуу. Эгер бардык көйгөй кызматтан алуу менен чечилсе анда Кыргызстан өнүгүү жагынан Американы басып өтмөк
+9
Samat777
2018-04-21 16:31:05
Канча эл талаалап кыйналып жүрөт. Башчыларыбиз жүрөт мигранттар мынча миллиард которду деп. Ал акча кантип келип атат иши жок. Күн дебей түн дебей иштешип тишинин кирин соруп тапкан акчаны ары бери сапырышып. Ата эне мээримин көрбөй жаралуу муун өсүп атат. Айта берсе арман көп. Жүрөгүм ооруйт. Жардам кыла албай атканыма. Буулугуп ыйлагым келет.
+14
NURSAPAR
2018-04-21 17:47:31
Баары куттуктап бүткөнчө кайра башкасы шайланбаса болду. Атын ырымдап Токтосун койбойлубу., не дейсиңер жамаат? ??
+8
King_Messi
2018-04-21 17:58:56
Жакшылап иште эми
0
Dastanke2014
2018-04-21 18:02:52
Кыргызстан онугуу жолуна тушсун деп жакшы ниет кылалы туугандар.
+4
talas0707
2018-04-21 20:23:17
Ушулардай болуп 2 3 жыл иштетсе, жыйынтык болбосо анан алып биротоло камаса жакшы болмок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан