ЖЫЛНААМА, 22-АПРЕЛЬ: Мындан 148 жыл мурун саясий ишмер Владимир Ильич Ленин туулган

1870-жылы 22-апрелде Орусиянын көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмери, Советтер Союзунун жана коммунисттик партиянын негиздөөчүсү Владимир Ильич Ленин (Ульянов) Симбирск шаарында туулган.

Ал 1895-жылы Петербургда "Жумушчулар классынын боштондугу үчүн күрөш биримдигин" түзүүгө катышкан. 1897-жылы кармалып, Енисей губерниясындагы Шушенск айылына 3 жылга сүргүнгө айдалган.
Ал эми 1900-жылы Ленин чет өлкөгө кетип, Г.В.Плеханов менен бирдикте "Искра" гезитин чыгарган. Владимир Ильич Ленин 1903-жылы большевиктер партиясын жетектеп, 1917-жылы Октябрь революциясынын башында туруп орус падышачылыгын тактан кулатып, бийликке келген.
Ленин бир партиялуу систем түзүп, коммунисттик партиянын жетекчилигинде Советтик Социалисттик Республикалар Союзун түптөгөн. 1918-жылы анын өмүрүнө кол салуу болуп, оор жаракат алган. Ал эми 1924-жылы январда ден соолугу кескин начарлап, 21-январь күнү каза болгон.
22-апрелге карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Lenin
2018-04-22 09:18:05
Охоооо! бугун менин туулган кунум турбайбы! )))))
+3
smska
2018-04-22 09:37:52
Туулган кундор кут болсун! Менин да туулган кунум бугун!!!
+2
jaskaaa
2018-04-22 11:14:40
smska,Куттуктайм. Ден соолугунуз чын болсун!Бактылуу болунуз.
0
NURSAPAR
2018-04-22 10:37:01
Ленин атам бащ болуп баарыңардын туулган күнүңөр менен
+2
fantomas
2018-04-22 11:04:00
Кандай аял тууду экен, Лениндей уулду.

(Токтогул Сатылганов)
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан