Дүйнөдөгү эң кары аял япониялык Наби Тадзима 117 жашында көз жумду

Дүйнөдөгү эң кары аял япониялык Наби Тадзима 117 жашында көз жумду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Наби Тадзима кечээ, 21-апрелде каза болгон. Ал акыркы айларда төшөктөн дээрлик турбай калган.

"Кары аял ооруканада көз жумган. Ал 1900-жылдын 4-августунда төрөлгөн. Эми дүйнөдөгү эң кары аял титулу анын мекендеши, 1901-жылы туулган Тиё Миякого өттү", - деп жазылат маалыматта.

Анткени 2017-жылдын 15-сентябрында дүйнөдөгү эң улгайган аял Вайолет Браун 117 жашында көз жумган. Ошондон тартып Тадзима эң кары аял аталган.

Наби Тадзиманын 9 баласы, 28 небереси, 56 чебереси жана 35 чөбөрөсү бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
General.kg
2018-04-22 10:53:01
117ден нары өтпөй калышат окшойт тыгылып)

Ыссык-Көлдөгү эже аманбы?
Документин жоготуп алган деп кол куушурбай илимпоздор изилдесе болот эле!
-1
Zainidin96
2018-04-22 10:57:56
Баласы,небереси,чебереси,чоборосу,кыбырасы ушундай болуп кетчу элего
+1
nelya88
2018-04-22 11:25:46
Япон элинин узак жашоосунун эн башкы сырларынын бири бул- туура тамактануу. Алар көбүнчө деңиз азыктары ж.а жашылча жемиштер менен тамактанып,кичине порциядан жешет. Жана ар дайым кыймылда болушат, жумушка көбү жөө барып келип, алысыраак болсо велосипед менен барышат..
+14
asemus
2018-04-22 14:44:32
Мен сексенге чыксам жетет эле
+2
mirkaa5182
2018-04-22 15:01:12
Кана бизге деле 90 жаш берсе кудайым.
+3
taku1414
2018-04-22 20:18:46
Жашоонун мааниси коп жашоо эмес татыктуу жашоо болсо керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан