Ооруканада апасын жонуна көтөрүп жүргөн келин: "Апамдын айыгышы үчүн болгон аракетимди жумшайм"

Интернетте белине аялды көтөрүп бара жаткан кыздын видеосу тарады. Андагы билдирүүгө ылайык, видео Ош шаарында тартылып алынган.

Интернет колдонуучулар кыздын апасы ооруп баса албайт, арабасы да жок болгондуктан, ал апасын ооруканага жонуна көтөрүп алып барууга мажбур болгон деген ойлорун жазышкан. Ошондой эле көпчүлүгү кыздын бул аракетин баалап, ыраазы болгон сөздөрдү жазышууда.

SUPER.KG порталы апасын жонуна көтөргөн кыз менен байланышты.

Ал Ош шаарынын жашоочусу Жайнагүл Абдыкасым кызы. Өзү 3 баланын энеси. Айтымында, ал апасын жонуна көтөрүп бара жатканын кимдир бирөө видеого тартып алганын байкаган эмес.

"Апам 2-топтогу майып, акыркы жылдары жоон ичегиси да ылдыйлап кетип, көп кыйналды. Ошол күнү апамды ооруканага алып баргам. Анализдерди тапшыртуу үчүн оорукананын бир башынан кийинки башына барууга туура келип жатты. Негизинен көтөрүп алып эч кимге көрүнбөйүн деп жер төлө аркылуу басып жүргөм.

Апам болсо арыктап 32 килограмм болуп калган, өзү 53 жашта. Алсыз, 1-2 кадам басып эле чарчап, баса албай калат. Анан ачка болуп кеткенде тамактанып алуу үчүн жолго чыгууга туура келген. Ошол учурда видеого тартып алышыптыр", - деди Абдыкасым кызы.

Ошондой эле Жайнагүл Абдыкасым кызы атасы каза болуп калганын айтты.

"Чынында ооруган адамга акча көп керек экен. Дарылатуу үчүн бардык жерде эле чөнтөгүңдү карашат. Апам айыгып кетсин, арабага салгандан корком. Бирок ага да ыңгайлуу болсун үчүн убактылуу араба таптым. Бул араба убактылуу эле пайдаланылсын, кийин апам өзү басып кетсин деп тилеп жатам. Апамды жонума көтөргөнүмдү "эрдик" деп эсептебейм, анын айыгуусу үчүн болгон аракетимди жумшайм", - деп кошумчалады Абдыкасым кызы.

Апасын жонуна көтөргөн кыз
Ооруган апасын жонуна көтөргөн келин: “Апам басып кетсе деп тилейм“
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
kalyk.isak
2018-04-22 15:56:37
Аллах шыфаа берсин апаңызга сизге ден соолукта болсун
+4
zz2013zz
2018-04-22 16:01:43
АЛЛАХым шыпаасын берсин,алдыда жаркылдаган кубанычтуу кундор кутсун.
+3
buran12
2018-04-22 16:11:18
Жараткан Алла озу шыпысын берсин.
+4
33SUUN
2018-04-22 16:46:28
Апалар эч качан оорубаса экен!!!
+4
chyngyz-40
2018-04-22 18:10:45
Кыргызстанда ушундай адамдар бар экенине суйнуш керек аллах ыразы болсун сиздей эжелер карындаштар коп болсун
+3
Baku88
2018-04-22 18:34:14
Алла ыраазы болсун сенден
+3
Sonya302712
2018-04-22 21:26:46
Эне сыйлаган элге жагат,
ата сыйлаган абиир табат.
+4
keba300989
2018-04-23 09:25:52
600 долгарга кычкач алгыча бир каласка алып берсе болмок экен.
+3
007aym
2018-04-23 09:32:40
Номерин берсенер ушул кыздын Супер
0
Nuri1988Elim2010
2018-04-23 09:36:16
Аллахым шыфаасын берсин ылайым
+1
Optima
2018-04-23 11:44:55
Ото акылдуу кыз экен. Тарбиянын мыктысын алыптыр
+1
Beks.Kasymov
2018-04-23 13:09:40
мына кыргыздын кызы кээ бир кыздарга окшоп чакырып алып айылдагы балдарга салып бербей(соз ээсин тават)
0
Sagidko88
2018-04-23 14:20:31
жайында апам да катуу ооруду. которуп жылдырууга туура келчу.азыр Аллага шугур жакшы. мени аяп белини оорутасын деп которбо дей берет. эне экен да. эч кимдин апасы оорубасын. Аллахым апаларга шыпаа берсин. ушундай мээримдуу уу-кыздар болсун.
0
Gulnyr19
2018-04-23 14:23:48
Айланайын алтын апалар оорубагылачы суранам.
0
naida81
2018-04-23 15:55:03
Бейишиниз учун кам коруп жатасыз. Аллахым шыпаасын берсин. Жонубузга которолу десек апабыз жок жургондор да барбыз. айыгып кетсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан