Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Бакытжан Сагинтаев Мухаммедкалый Абылгазиевди премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктап, жогорку мамлекеттик кызматында ийгиликтерди каалады. Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкмөт башчылары достук жана өз ара түшүнүшүү принциптерине негизделген Кыргыз-Казак эки тараптык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Тараптар өз ара пайдалуу диалогду мындан ары өнүктүрүү жана эки мамлекеттин башчылары ортосунда жетишилген макулдашууларды аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.