Индияда балдарды зордуктагандарды өлүм жазасына тартуу сунушталууда

Индияда 12 жашка чейинки балдарды зордуктагандарды өлүм жазасына тартуу сунушун өлкөнүн өкмөт башчысы жактырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, аталган сунуш мурда кабыл алынган мыйзамга толуктоо катары киргизилет. Учурда аталган мыйзам долбоорун парламент бекитүүсү керек.

"Мыйзамдын жаңы кабыл алынган бөлүктөрүнө ылайык, кылмышкерлерди 20 жылга чейин абакка камоо өкүмү чыгарылат. Ал эми эң катуу жаза катары өмүр бою эркинен ажыратуу же өлүм жазасына тартылат. Эгер зордуктоого бир нече адам катышса, анда алар дароо өлүм жазасына же өмүр бою эркинен ажыратылат", - деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, буга чейин өлүм жазасына тартууну АКШ киргизген. Аталган өлкөнүн Алабама штатында өлүм жазасына тартуу азот менен жүргүзүү сунушталган. Мындай мыйзамды штаттын палатасы колдогону маалыматта кошумчаланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aerforce
2018-04-23 10:34:12
биздеда ошол занды колдонуш керек
+2
Taku.14.02
2018-04-23 16:31:02
aerforce,бизге азыр кереги жоок 200 доллар пара берип аткан эмелер акталып карапайым калк кыйналат
0
iryi1
2018-04-23 10:37:55
Бизде ата энелер кыздарын сокур диний тушунук менен эрте куйого бергендерди олум жазасына тартыш керек.
-4
Tolkun555
2018-04-23 12:10:08
iryi1,динди тушунбогон адам ощу сокур
+1
Sonya302712
2018-04-23 10:56:34
Биздин мыйзамчылар балдардын келечеги эмес, оздорунун комочуно гул тартуу менен алек...
+2
RNA78
2018-04-23 11:53:06
Бизде чиновниктер, орган кызматкерлери, жепутаттардын өздөрүнүн башына келсе анан түшүнөт.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан