Базар-Коргон районундагы "Жаркынай базарынын" соодагери Чынара Гуламидинова 18-апрелден бери базарда жайгашкан дүкөнүн иштеткенге жергиликтүү соодагерлер каршы болуп жатканын айтып кайрылды.
"Базар-Коргон районунун акими 4-апрелдеги окуядан кийин дүкөндү 3 күнгө жаап тур деген. Мен макул болуп, айтканын кылдым. 18-апрель күнү аким келип, "дүкөндү иштете бер, сага тополоң салган адамдардын ишин милиция менен прокуратура карайт" деди. 21-апрель күнү дүкөндү иштеткенге базарга бардым. Апам дагы жанымда болчу. Бирок базардагы сатуучулар "сен Баткениңе кетпедиңби, дүкөнүңдү иштетесиңби?" деп ызы-чуу салышты. Анын айынан апам башынан жаракат алып, ооруканада дарыланууда. Мен бул боюнча аймактык милиция кызматкерлерине кайрылсам, "митингчилерди карап отура берелиби, булар сени иштетпеди же бизди иштетпеди. Жогору жактан бизге тийиштүү буйруктар түшпөй жатат. Биз бул маселени чече албайт экенбиз, буларга колубуз да тие албайт, бир нерсе болсо арызданып жатып калышат, дүкөнүңдү иштете албайт окшойсуң" деп кетип калышты. Мен дүкөн иштетип, ошол менен жан багам. Эмне себептен ишкердигимди кимдир бирөө токтотуп койгонго акысы бар. Менин укугумду коргоп бере ала турган укук коргоо органдарына акыркы 5 күндөн бери кайрылып жатып, эч бир жооп ала алган жокмун. Мен азыр ур-токмокко алынганым боюнча эмес, базардагы дүкөндү иштетпей жатышкан сатуучуларга чара колдонуп берүүнү суранам", - дейт Чынара Гуламидинова.
Ал эми Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы 21-апрель күнү жогорудагы айтылган окуя боюнча арыз түшкөнүн тастыктады.
"21-апрелде Базар-Коргон РИИБине Чынара Гуламидинова арыз менен кайрылган. Арызында ал базардагы мөмө-жемиш сатуучу дүкөндө соода кылууга келген учурда базардагы сатуучулар ага каршылык көрсөтүп, иштетпей жатканын айткан. Жазылган арыз боюнча учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, тийиштүү адамдардан түшүнүк каттар алынган. Учурда бул боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Окуя боюнча ИИМге SUPER.KG порталы тийиштүү суроолор менен кайрылып, басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов буларды билдирди.
"Базар-Коргон базарындагы окуя боюнча маалыматтар бизге азыр гана белгилүү болду. Андыктан жергиликтүү тескөөчүдөн окуя боюнча канча арыз келип түшкөнүн, эмне себептен окуяга тийиштүү чара колдонулбаганын тактап чыгабыз. Эгерде окуянын ырбашына укук коргоо органдарынан күнөөсү бар экени аныкталса, же окуяга салкын мамиле кылынып келсе, ал кызматкерлерге тийиштүү чаралар колдонулат. Андыктан сиздер менен биргеликте бул окуяны толук жыйынтыктайбыз", - деди ал.
Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы "Жаркынай базарынын" соодагери сабалып, ага базар башчы үстөмдүк кылып, акча талап кылганын 14-апрелде SUPER.KG порталына Чынара Гуламидинова билдирген. Мындан көп өтпөй, бул окуянын экинчи жагы - базар жетекчилигинин атынан базар башчысынын кызы Айдай Чоноева жогоруда айтылган сөздөр жалаа экенин айткан. Мындан улам окуянын чоо-жайын билүү үчүн SUPER.KG порталынын чыгармачыл тобу Базар-Коргон районундагы "Жаркынай базарына" барып атайын иликтөө жасап келген.